Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-июну №342
"СНINА RОАD АND ВRIDGЕ СОRРОRАТION IN КҮRGҮZSTAN" ("Чайна Роад энд Брайдж Корпорэйшн ин Кыргызстан") өкүлчүлүгүнө жер берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6, 384-беренелерине, 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 5 жана 20-беренелерине, "Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылдык округунун аймагында жайгашкан 2,0 га жайытты "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жана аталган жерди Ош-Гүлчө автожолун реконструкциялоо үчүн инерттик материалдарды казып алуу боюнча карьер уюштурууга "СНINА RОАD АND ВRIDGЕ СОRРОRАТION IN КҮRGҮZSTAN" ("Чайна Роад энд Брайдж Корпорэйшн ин Кыргызстан") өкүлчүлүгүнө лицензиянын колдонулуу мөөнөтүнө ижара келишиминде убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун жана алар "СНINА RОАD АND ВRIDGЕ СОRРОRАТION IN КҮRGҮZSTAN ("Чайна Роад энд Брайдж Корпорэйшн ин Кыргызстан") өкүлчүлүгүнө лицензиянын колдонулуу мөөнөтүнө ижара шарттарында убактылуу пайдаланууга берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
"Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын "СНINА RОАD АND ВRIDGЕ СОRРОRАТION IN КҮRGҮZSTAN" ("Чайна Роад энд Брайдж Корпорэйшн ин Кыргызстан") өкүлчүлүгүнүн төлөшүн;
"СНINА RОАD АND ВRIDGЕ СОRРОRАТION IN КҮRGҮZSTAN" ("Чайна Роад энд Брайдж Корпорэйшн ин Кыргызстан") өкүлчүлүгүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районундагы Нариман айыл өкмөтү менен ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторго ижара келишимин түзүүнү.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |