КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 17-апрели ПЖ № 75
Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Ысык-Көл облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Ысык-Көл облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары жиберилсин:
Алиева Гулкайыр Сакешовна;
Жаныбеков Медер Жаныбекович;
Молдакунов Айбек Карыбекович;
Шамбетова Мира Узбековна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |