КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 24-августу ПЖ № 188
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин системага салуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 14-ноябрындагы № 377 "Кыргыз Республикасынын граждандык авиациясы жөнүндө" Жарлыгынын 1-2-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 31-декабрындагы № 401 "Кыргыз Республикасынын ички аскерлери жөнүндө" Указынын 1-пунктунун экинчи абзацы, 2-8-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 6-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентство жөнүндө" Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 16-июнундагы № 200 "Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын жана мекемелеринин ишин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 27-июнундагы № 214 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясын түзүү жөнүндө" Указынын 2-6-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 25-октябрындагы № 299 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 16-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция органдарынын жана мекемелеринин ишин өркүндөтүү чаралары" жөнүндөгү Указына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 3-апрелиндеги № 124 "Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы жөнүндө" Указынын 2-3-пункттары.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| А. Атамбаев |