Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-июну №348
"Бишкек шаарында 2009-жылдын 21-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен жабдуунун жана санитариянын экинчи долбоорун" каржылоо жөнүндө (Грант N Н462-КG, кредит N 4560-КG) макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө " Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарында 2009-жылдын 21-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен жабдуунун жана санитариянын экинчи долбоорун" каржылоо жөнүндө (Грант N Н462-КG, кредит N 4560-КG) макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча) ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2009-жылдын 21-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен жабдуунун жана санитариянын экннчи долбоорун" каржылоо жөнүндө (Грант N Н462-КG, кредит N 4560-КG) макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене. Бишкек шаарында 2009-жылдын 21-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен жабдуунун жана санитариянын экинчи долбоорун" каржылоо жөнүндө (Грант N Н462-КG, кредит N 4560-КG) макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашууну Кыргыз Республикасы ратификациялагандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|