Редакцияот 02,08,2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2017-жылдын 2-августу ПЖ № 139

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 4-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын машина куруу жана коргонуу комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын күчүн жоготту деп табуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65, 88-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 4-декабрындагы № 348 "Кыргыз Республикасынын машина куруу жана коргонуу комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

 

Президент

 

А. Атамбаев