Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 6-июлундагы ПЖ № 170 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ | |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 15-июлундагы № 165 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын АСКЕРДИК ДОКТРИНАСЫ
(КР Президентинин 2017-жылдын 20-ноябрындагы ПЖ № 266 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Киришүү
Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы (мындан ары - Аскердик доктрина) Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын куралдуу коргоо үчүн аскердик курулушта, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн (мындан ары - Куралдуу Күчтөр) жана башка аскердик түзүлүштөрдү даярдоодо жана колдонууда расмий кабыл алынган көз караштардын системасын түшүндүрөт.
Аскердик доктрина коргонуу мүнөзүндө болот жана Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык, мамлекет тарабынан аскердик коопсуздукту камсыз кылуунун саясий, дипломатиялык, экономикалык, маалыматтык, аскердик жана башка чаралардын комплексин аткаруу аркылуу ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, жалпы таанылган принциптер жана эл аралык укуктун ченемдери, ошондой эле жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу жаагында белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишимдер Аскердик доктринанын укуктук негизин түзөт.
Аскердик доктрина мамлекеттин натыйжалуу, анын ичинде кесипкөй, Куралдуу Күчтөрдүн заманбап куралдары жана техникасы менен жабдылган, тынчтык жана согуш мезгилинде аскердик коопсуздуктун коркунучтарына шайкеш жооп кайтарууга жөндөмдүү, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана конституциялык түзүлүшүнө кепилдик берүүчү аскердик уюмун түзүүгө багытталган.
Ушул Аскердик доктринаны иштеп чыгуунун актуалдуулугу дүйнөдө жана Борбордук Азияда өзгөргөн аскердик-саясий жагдай, 2010-жылдын апрель айында өлкөнү жана анын мамлекеттик институттарын демократиялык өнүктүрүүнүн жаңы этабы, аны ишке ашыруу коргоо потенциалын бекемдөөгө өбөлгө түзө турган "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын" кабыл алуу, ошондой эле аскердик курулуштун жана Куралдуу Күчтөрдү реформалоонун бышып жетилген көйгөйлөрү менен башталган Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугунун коркунучтарынын спектринин кеңейиши менен шартталган.
Аскердик доктринада төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
- Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугу - аскер күчүн колдонуу же аны колдонуу коркунучу, же болбосо анын каршы туруу жөндөмдүүлүгү менен байланышкан тышкы жана ички коркунучтардан инсандын, коомдун жана мамлекеттин жашоого маанилүү кызыкчылыктарынын корголгон абалы;
- аскердик кооптуулук - белгилүү бир шарттарда аскер коркунучунун келип чыгышына алып келүүгө жөндөмдүү факторлордун жыйындысы менен мүнөздөлүүчү мамлекеттер аралык же ички мамлекеттик абал;
- аскердик коркунуч - каршылаш тараптардын ортосунда аскердик жаңжалдын келип чыгуу мүмкүндүгү, кайсы бир мамлекеттин (мамлекеттер тобунун), сепаратисттик (террористтик) уюмдардын аскер күчтөрүн (куралдуу зомбулук) колдонууга даярдыгынын жогору деңгээли менен мүнөздөлүүчү мамлекеттер аралык же ички мамлекеттик абал;
- аскердик жаңжал - аскердик күчтү колдонуу менен мамлекеттер аралык же ички мамлекеттик карама-каршылыктарды чечүүнүн формасы (бул түшүнүк ири масштабдуу, региондук, локалдык согуштарды жана куралдуу кагылышууларды кошо алганда, куралдуу тирешүүнүн бардык түрлөрүн камтыйт);
- куралдуу кагылышуу - бир мамлекеттин аймагынын чектеринде (ички куралдуу кагылышуу) мамлекеттер ортосунда (эл аралык куралдуу кагылышуу) же карама-каршы тараптардын чектелген масштабдагы куралдуу кагылышуусу;
- аскердик саясат - аскердик уюмду түзүү, аскердик курулуш, Куралдуу Күчтөрдү өнүктүрүү, даярдоо жана колдонуу менен түздөн-түз байланышкан мамлекеттин жалпы саясатынын курамдык бөлүгү;
- мамлекеттин аскердик уюму - мамлекеттик жана саясий башкаруу органдарынын, Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскерлердин, аскердик-өнөр жай комплексинин жана мамлекеттин аскердик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биргелешкен иш процессинде алардын мамилелеринин жыйындысы;
- түздөн-түз коркунуч мезгили (коркунуч туудурган мезгил) - адатта аскердик жаңжалдын алдындагы ар кандай узактыктагы мезгилдин бөлүгү. Эл аралык кырдаалдын жана мүмкүн болгон душмандардын карама-каршылыктарынын өтө курчушу менен мүнөздөлөт;
- аскердик агрессия - бир мамлекеттин аймактарын, улуттук байлыктарын басып алуу, саясий жана экономикалык ээликти орнотуу максатында башка мамлекеттин эгемендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө же саясий көз карандысыздыгына каршы куралдуу күчтү мыйзамсыз колдонуу;
- коргоо - куралдуу коргонууга жана мамлекетти, анын аймагынын бүтүндүгүн жана кол тийбестигин куралдуу коргоого даярдоо боюнча саясий, экономикалык, аскердик, социалдык, укуктук жана башка чаралардын системасы;
- аскердик курулуш - мамлекетти коргоо жөндөмдүүлүгүн бекемдөө кызыкчылыгында ишке ашырылуучу экономикалык, социалдык-саясий, жеке аскердик жана башка иш-чаралардын системасы;
- аскердик экономика - мамлекеттин аскердик курулушун жана башка коргоо муктаждыктарын камсыз кылуучу экономиканын өзгөчө чөйрөсү;
- мамлекеттин экономикасын мобилизациялык даярдоо - согуш мезгилинин шарттарында куралдуу күчтөрдүн керектөөлөрүн, мамлекеттин жана калктын муктаждыктарын канааттандыруу максатында, экономиканы күн мурун даярдоо боюнча тынчтык мезгилде жүргүзүлүүчү иш-чаралардын комплекси.
I. Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугунун негизги коркунучтары
1. Мурдагы Аскердик доктринасы кабыл алган учурдан тартып дүйнөдөгү аскердик-саясий жагдай андан чоң динамизмге ээ болду. Ар кайсы региондордогу, айрыкча Жакынкы Чыгышта жана Афганистанда окуялардын өнүгүүсү алардын масштабы сыяктуу эле, мүмкүн боло турган кесепеттеринин күтүлбөстүгү менен мүнөздөлөт. Афганистандан Коопсуздукка жардам көрсөтүүнүн эл аралык күчтөрүн (ISAF) чыгарып кетүү ушундай окуялардын катарына кирет.
Борбордук Азиялык региондо эл аралык терроризмдин, экстремизмдин жана сепаратизмдин коркунучтары сакталып турат, аларды түзүү каршы аракеттенүүнүн шарттарына ыкчам ыңгайлашууга жана бүлүндүрүүчү иштин жаңы тактикасын жана аны жүргүзүүнүн техникасын колдонууга жөндөмдүү келет. Баңгитрафигинин жана мыйзамсыз миграциянын көйгөйлөрү трансулуттук мүнөзгө жана андан чоң масштабга ээ болушту.
Азыркы учурда чечилбеген көйгөйлөрдүн негизинде мамлекеттик чек арада жана ага чектеш райондордо чек аралык чыр-чатактардын жана аскердик акциялардын келип чыгуу мүмкүндүгү бар. Этностор аралык мамилелер чөйрөсүндө көптөгөн жылдар аралыгында топтолгон карама-каршылыктар жана көйгөйлөр бар.
2. Негизги аскердик кооптуулук жана аскердик коркунучтар
Негизги тышкы аскердик кооптуулук:
- эл аралык терроризмдин таралышы;
- Кыргыз Республикасынын жана анын союздаштарынын ички мамлекеттик ишине кийлигишүү;
- айрым мамлекеттер тарабынан эл аралык келишимдердин, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын жана эл аралык укуктун башка ченемдеринин бузулушу;
- улуттар аралык жана (же) конфессиялар аралык чыңалуу борборунун келип чыгышы;
- мамлекеттик чек араны делимитациялоонун жана демаркациялоонун аягына чыкпаганы;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы анклавдарда экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү бузуку күчтөрдүн колдонуу аракеттери;
- суу-энергетикалык көйгөйлөрдүн чечилбегендиги жана бузуку күчтөрдүн аларды өлкөнүн ички саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максаттарында пайдалануу мүмкүндүгү;
- жапырт кыйратуучу куралдын таралышы жана эл аралык террористтик уюмдардын анын колдонуу мүмкүндүгү.
Негизги ички аскердик кооптуулук:
- Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузуу аракеттери;
- этностор аралык карама-каршылыктардын бар болушу;
- улуттар аралык жана (же) конфессиялар аралык биримдикти бузуу.
3. Негизги аскердик коркунучтар:
- Кыргыз Республикасынын аймагына эл аралык террористтик уюмдардын куралдуу топторунун кирип кетүү мүмкүндүгү;
- куралдуу кагылыштарга өсүп кетүү мүмкүндүгү менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында жана ага чектеш райондордо чыр-чатактарды жана кагылышууларды көкүтүүгө жөндөмдүү террористтик, диний-экстремисттик уюмдардын, сепаратизм менен экстремизмдин бузуку күчтөрүнүн иши.
Көрсөтүлгөн мезгил аралыгында ички жана тышкы аскердик коркунучтардын жана кооптуулуктун өз ара байланышы күч алды, ошондуктан алардын таасири комплекстүү болот жана бири-бирин толуктап туруучу мүнөзгө ээ.
II. Кыргыз Республикасынын аскердик саясаты
Кыргыз Республикасынын аскердик саясатынын негизги принциптери
4. Кыргыз Республикасынын аскердик саясаты мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын аскердик аспектилерин чагылдырат. Анын башкы укуктук негиздери жана эл аралык укуктун ченемдерине мамилеси Кыргыз Республикасынын Конституциясында, ал эми анын максаттары жана принциптери - Улуттук коопсуздук Концепциясында жана ушул Аскердик доктринада аныкталган.
Кыргыз Республикасынын аскердик саясатынын максаты коомду жана мамлекетти тынч жана туруктуу өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, анын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн, мамлекеттик институттарды, жарандарды аскердик кооптуулуктан жана коркунучтардан коргоо жана агрессиянын алдын алуу болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, мамлекеттин алдында жалпы коргонуу - саясий-дипломатиялык, экономикалык, маалыматтык, укуктук, аскердик жана башка чараларды чогу алганда ушул өңдүү коркунучтарды мурдатан таанып билүү, алдын алуу, локалдаштыруу жана жоюу милдети турат.
5. Кыргыз Республикасы аскердик күч менен чечилүүчү экспансия, агрессия жана аймактык мелдешүүчүлүк максаттарына ээ эмес жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө эл аралык талаштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу, ички иштерге кийлигишпегендик принциптерин жана эл аралык укуктун башка жалпы кабыл алынган принциптерин жана ченемдерин сактоого негизденген.
6. Кыргыз Республикасы жеке аскердик коопсуздукту камсыз кылуу жана эл аралык тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоо максатында эки тараптуу жана көп тараптуу негизде кызматташат:
- саясаты Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирбеген жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына каршы келбеген бардык мамлекеттер менен;
- КМШга, Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишимге жана Шанхай кызматташтык уюмуна катышкан-мамлекеттер менен алар тарабынан кол коюлган жана күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында.
Ошону менен ал аскердик коопсуздуктун коркунучтарын алдын алуу жана жоюу боюнча саясий-дипломатиялык жана башка аскердик эмес аракеттерге артыкчылык берет.
Ага куралдуу кол салуу болгон учурда жекече же жамааттык өзүн коргоонун ажырагыс укугуна ээ.
7. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана ченемдик укуктук актыларына жана ушул Аскердик доктринасына ылайык, коргоо жана коопсуздук жаатындагы ички жана тышкы саясатты Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши аныктайт.
(КР Президентинин 2017-жылдын 20-ноябрындагы ПЖ № 266 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
8. Мамлекетти куралдуу коргоо Куралдуу Күчтөр тарабынан ишке ашырылат, бул болсо өзүн коргоо жана коргонуунун жетиштүүлүк принцибине ылайык курулат.
9. Аскердик коопсуздукту камсыз кылуу максатында мамлекетти куралдуу коргоого Кыргыз Республикасынын аскердик экономикасын, Куралдуу Күчтөрүн, башка аскерлерин, улуттук коопсуздук маселелерине ээ болгон мамлекеттик органдарын, ошондой эле калкын жана аймагын күн мурун даярдоо жүргүзүлөт.
10. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылуунун негизги милдеттери болуп саналат:
а) тынчтык мезгилде:
- мамлекеттин коопсуздугунун аскердик коркунучтарын божомолдоо, ага баа берүү, аныктоо, ыкчам алдын алуу жана ага бөгөт коюу;
- коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- аскердик коопсуздук чөйрөсүндө укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү;
- мамлекеттин натыйжалуу аскердик-саясий башкаруусу жана аскердик-экономикалык камсыз кылуусу бар аскердик уюмун түзүү жана өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын аскердик дайындалыштагы продукцияны чыгаруучу (аскердик-өнөр жай комплекси) тармактарын өнүктүрүү;
- аскердик коопсуздукту камсыз кылуу системасынын күчтөрүн жана каражаттарын борборлоштурулган башкаруунун бирдиктүү системасын өнүктүрүү;
- мамлекеттин экономикасынын мобилизациялык даярдыгын өркүндөтүү;
- мамлекеттик жана аскердик башкаруу органдарын, мамлекеттик органдарды, уюмдарды, калкты жана аймакты аскердик коопсуздукту, аймактык коргонууну жана жарандык коргоону камсыз кылууга даярдоо;
- Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү өнүктүрүү, аларды күжүрмөн колдонуу даярдыгында кармап туруу;
- Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна катышкан-мамлекеттердин Аба чабуулуна каршы коргонуунун Бирдиктүү системасынын элементи катары, Кыргыз Республикасынын аба чабуулунан коргонуу системасын өркүндөтүү;
- кадрларды даярдоо, аскердик билим берүү, аскер кызматчыларын окутуу жана тарбиялоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, аскердик илимди өнүктүрүү;
- тынчтык жана согуш мезгилдеринин штаты боюнча Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү финансылык каражаттар, куралдар, аскер техникасы, ок-дары, аскердик-техникалык, буюм мүлкү, азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу материалдар жана башка материалдык-техникалык каражаттар менен ар тараптуу камсыз кылуу;
- Куралдуу Күчтөрдү контракт боюнча кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, мобилизациялык резервдин кенже адистери жана аскер кызматчылары менен комплекттөө системаларын өркүндөтүү;
- өзгөчө кырдаалдар жана согуш абалынын шарттарында Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн иштөөсүн камсыз кылуу үчүн куралдануу, материалдык-техникалык каражаттардын корлорун түзүү;
- аскердик коопсуздукту, Куралдуу Күчтөрдүн аракеттерин, жарандык коргонуу күчтөрүн жана Кыргыз Республикасынын аймактык коргоосун камсыз кылуу кызыкчылыктарында калкты жана аймакты даярдоо;
- аскер кызматына дем берүү жана анын аброюн жогорулатуу, аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, ошондой эле аскер кызматынан бошотулгандардын социалдык жактан корголуусун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу;
- мекенчилдикке тарбиялоо жана элдин Кыргыз Республикасын коргоого моралдык-психологиялык даярдыгын калыптандыруу;
- эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү;
б) түздөн-түз согуш коркунуч мезгилинде жана куралдуу агрессиянын башталышында:
- даярдалып жаткан куралдуу кол салууну (кырдаалдын коркунуч жаратуучу өнүгүүсүн) өз учурунда аныктоо жана анын алдын алуу боюнча колдо болгон бардык чараларды көрүү;
- согуш мезгилинин ченемдик укуктук актыларын токтоосуз аракетке киргизүү, аскердик аракеттерди даярдоого жана жүргүзүүгө чечимдерди кабыл алуу жана ишке ашыруу;
- мамлекетти, Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүлүштөрдү, жарандык коргонууну жана аймактык коргоону тынчтык мезгилден согуш абалына мобилизациялоону жана өткөрүүнү камсыз кылуу;
- куралдуу кол салууга түздөн-түз сокку берүү же куралдуу коркунучтун алдын алуу.
Коргоого жана Куралдуу Күчтөргө жетекчилик кылуу
11. Коргоо жана Куралдуу Күчтөргө жетекчилик Президент - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы тарабынан Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын аскер чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын негизинде ишке ашырылат.
Коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген, анын аскердик түзүлүшүн өркүндөтүүгө, Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүлүштөрдү күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкта кармап турууга, аларды ар тараптуу камсыз кылууга, коргоо кызыкчылыктарында экономиканы, аймакты, калкты даярдоого багытталган иш-чаралардын комплексин камтыйт.
12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде мамлекеттин аскердик коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө мыйзам чыгаруу жана контролдук функцияларды ишке ашырат.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аскердик курулушту финансылык жана материалдык камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырат, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү ар тараптуу жабдууну, коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын ишин, коргоо өндүрүшүн өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын аткарууну уюштурат, экономиканы, мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мобилизациялык даярдоого, коргоо кызыкчылыктарында калкты жана аймакты даярдоого жетекчиликти ишке ашырат.
14. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы мамлекетти коргоону уюштуруу менен байланыштуу милдеттерди чечет, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү даярдоого, өнүктүрүүгө, мобилизациялык жайылтууга жана колдонууга стратегиялык жетекчиликти ишке ашырат, аймактык коргонууну уюштурат, коргоо кызыкчылыктарында мамлекеттин аймагын ыкчам жабдуу пландарынын аткарылышын иштеп чыгат жана контролдойт.
Аскердик башкаруунун борбордук органы жана Куралдуу Күчтөрдү жана коргоого тартылган башка аскердик түзүлүштөрдү ыкчам башкаруунун башкы органы болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу органдарынын, өзүнүн компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына тартылган башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун күчтөрүн жана каражаттарын ыкчам башкаруунун жана координациялоонун жогорку органы болуп саналат.
15. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Аскердик саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга, аскердик курулуштун жана Куралдуу Күчтөрдү өнүктүрүүнүн пландарын иштеп чыгууга катышат, бирдиктүү аскердик-техникалык саясатты жүргүзөт, мамлекеттик коргоо буйрутмасы жана коргоонун муктаждыктарына бөлүнгөн каражаттар боюнча сунуштарды иштеп чыгат, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин бирикмелерин, бөлүктөрүн жана мекемелерин материалдык-техникалык жана укуктук жактан камсыз кылууну, аскер мыйзамдарын иштеп чыгууну, аскер кадрларын даярдоону, эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты ишке ашырат, коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет.
(КР Президентинин 2017-жылдын 20-ноябрындагы ПЖ № 266 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
16. Коргоого жетекчилик кылуу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кырдаалга баа берүү, жооп кайтаруу чараларын жана аракеттердин ыкмаларын аныктоо, өз учурундагы аскердик-саясий чечимдерди, саясий-дипломатиялык, экономикалык, маалыматтык, укуктук жана башка аскердик эмес чараларды көрүү;
- мамлекеттин аскердик уюмунун жана башкаруунун борборлоштурулган системасынын курамын, милдеттерин аныктоо;
- Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн уюштуруу түзүмүн, курамын жана санын аныктоо, аларды күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкта кармап туруу;
- аскердик пландаштырууну уюштуруу, Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүлүштөрдү жана мамлекеттик органдарды даярдоону жана колдонууну жетекчиликке алуу;
- келип чыккан аскер коркунучтарына ыкчам жооп кайтаруу, аскердик коопсуздукту камсыз кылуунун күчтөрүн жана каражаттарын алардын биргелешкен аракеттеринин жүрүшүндө билгичтик менен башкаруу;
- аскердик-техникалык саясатты, аскердик илимди, куралданууну жана аскер техникасын өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу;
- экономиканы мобилизациялык даярдоонун, мамлекеттик органдарды, уюмдарды жана калкты согуш мезгилинде иштөөгө. ошондой эле мамлекеттин аймагын жана инфраструктурасын коргоого даярдоонун иш-чараларын пландаштыруу жана өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик кызматка жана Куралдуу Күчтөр жана башка аскердик түзүлүштөр үчүн мобилизациялык резервге даярдоону уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик мобилизациялык резервдин материалдык каражаттарынын корлорун түзүү жана алардын топтолушу жана өз учурунда жаңыртылып турушу үчүн контролду жүзөгө ашыруу;
- тынчтык жана согуш мезгилинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун коргоо чөйрөсүндөгү биргелешкен ишмердүүлүгүн координациялоо;
- Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү мамлекеттик инспекциялоо.
III. Аскердик коопсуздукту камсыз кылуунун аскердик негиздери
Куралдуу Күчтөрдүн дайындалышы жана милдеттери
17. Куралдуу Күчтөр Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомун жана жарандарын ишенимдүү коргоону камсыз кылуу жана эл аралык келишимдерге ылайык милдеттенмелерди аткаруу үчүн дайындалган.
18. Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн милдеттери, курамы жана саны мүмкүн болгон аскердик коркунучтардын жана аскердик жаңжалдардын масштабына жана мүнөзүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши тарабынан белгиленет.
(КР Президентинин 2017-жылдын 20-ноябрындагы ПЖ № 266 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
19. Тынчтык мезгилинде Куралдуу Күчтөргө төмөнкү негизги милдеттерди аткаруу жүктөлөт:
- Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн коргоого даярдык;
- аскердик-саясий жагдайдын коркунуч жаратуучу өнүгүүсүн жана Кыргыз Республикасына куралдуу кол салууну даярдоону өз учурунда аныктоо боюнча иш-чараларга катышуу;
- башкаруу органдарын жана аскерлерди тынчтык мезгилдин штаттарында аларды өз учурунда мобилизациялык, ыкчам жайылтууну камсыз кылуучу деңгээлде күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын колдоо;
- терроризмге каршы күрөшүүгө катышуу;
- аба мейкиндигин кайтаруу жана коргоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык, террорго каршы жана тынчтык орнотуу операцияларына катышуу;
- аймактык коргоону уюштурууга катышуу;
- аскер кадрларын, контракт боюнча аскер кызматчыларын жана кенже адистерди даярдоо;
- мобилизациялык резервди даярдоо боюнча аскер жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылууга катышуу;
- коргоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагын ыкчам жабдууну уюштуруу;
- коомдук коопсуздукту камсыз кылууга, өзгөчө кырдаалдар жана согуш абалынын режимдерин колдоого катышуу;
- кырсыктардын, кыйроолордун жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда калкка жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларга катышуу.
Куралдуу Күчтөр тынчтык мезгилде кошумча мобилизациялык иш-чараларды өткөрүүсүз бирикмелер жана бөлүктөр менен туруктуу даярдыкта аскердик коопсуздукту камсыз кылуу милдеттерин аткарууга жөндөмдүү болууга тийиш.
20. Кыргыз Республикасына каршы агрессия болгон учурда Куралдуу Күчтөрүнө төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:
- толук же бөлүгү менен мобилизациялык жана ыкчам жайылтуунун иш-чараларын өз учурунда аткаруу;
- жөө аскерлер жана аба багытындагы аскердик коркунучтарга сокку берүү;
- өз алдынча же башка мамлекеттердин куралдуу күчтөрү менен биргеликте куралдуу кагылышууну локалдаштыруу жана жоюу;
- аскердик агрессияга сокку уруу жана Кыргыз Республикасынын аймагынан агрессорду кууп чыгаруу;
- агрессордун, террористтик жана диверсиялык актылардын кыйратуу каражаттарынын таасиринен калкты, стратегиялык объекттерди, инфраструктураларды коргоо;
- согуш абалынын режимин колдоого катышуу;
- аймактык коргоону жүргүзүүгө катышуу;
- жамааттык коргонуу боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу.
Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн алдында турган милдеттерди ишке ашыруу Куралдуу Күчтөрдү колдонуу, Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун, аймактык коргоону Пландарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысынын буйруктарына жана директиваларына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык уюштурулат жана жүзөгө ашырылат.
21. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн колдонуу жана аймактык коргоо пландарына ылайык, коргоого тартылуучу башкаруу органдары, бирикмелери, бөлүктөрү жана мекемелери Куралдуу Күчтөр менен өз ара аракеттенишүүдө колдонулат, бир эле учурда Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өздөрүнүн ведомстволук милдеттерин аткарышат.
Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү колдонуунун негиздери
22. Кыргыз Республикасы Куралдуу Күчтөрүн агрессияга каршы сокку уруу жана анын эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө жана конституциялык түзүлүшүнө кол салуучу ички коркунучтарды жоюуда колдонууга укуктуу деп эсептейт.
Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү тынчтык мезгилде колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Куралдуу Күчтөр бир эле учурда согуш аракеттеринин салттуу түрлөрүн жүргүзүүгө жана террорго каршы операцияларды жүргүзүүдө күжүрмөн милдеттерди аткарууга даярданууда.
23. Куралдуу Күчтөр төмөнкү учурларда колдонулат:
- аскердик жаңжалдарда өз алдынча же коалициялык күчтөрдүн курамында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн куралдуу коргоо, агрессияга каршы сокку уруу, агрессорду Кыргыз Республикасына каршы аскердик аракеттерди токтотууга мажбур кылуу;
- ички куралдуу кагылышууда мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу үчүн;
- тынчтыкты колдоо жана калыбына келтирүү боюнча операцияларда каршы күрөшүп жаткан тараптардын андан аркы аскердик аракеттерин алдын алуу, жагдайды турукташтыруу, акыйкат тынчтык жол менен жөнгө салуу үчүн шарттарды камсыз кылуу.
Эл аралык терроризмдин куралдуу түзүлүштөрүнө каршы күрөшүүнүн негиздери
Заманга ылайык шарттарда эл аралык терроризм көптөгөн мамлекеттер үчүн күтүлбөстүгүнүн жана кесепетинин масштабы боюнча өтө кооптуу коркунучтардын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасы терроризмге каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкка катышат, ал эми Куралдуу Күчтөр 1999-2001-жылдардагы Баткен окуяларынын жүрүшүндө террорго каршы операцияларды жүргүзүү тажрыйбасына ээ.
24. Жеке курамды, аскердик инфраструктуранын объекттерин диверсиялык-террористтик түзүлүштөрдүн таасиринен түздөн-түз коргоо жана Куралдуу Күчтөрдүн курамында террорго каршы операцияларга катышуу үчүн тиешелүү куралдар, атайын каражаттар жана кийим-кече менен жабдылган террорго каршы бөлүмдөр түзүлөт.
Мобилизациялык резервди, калкты жана аймакты даярдоо
25. Тынчтык мезгилде мамлекеттик мобилизациялоону, өзгөчө кырдаалды киргизүү менен мобилизациялык жайылтууну жана согуш аракеттеринин жүрүшүндө Куралдуу Күчтөрдүн согуштук жоготууларынын ордун толуктоону камсыз кылуу максатында план ченемдүү аскердик даярдык жана мобилизациялык резервдин аскерге милдеттүүлөрүнүн зарыл болгон санын топтоо жүргүзүлөт.
Аскердик-үйрөтүлгөн резервдерди даярдоо жана топтоо системасы Куралдуу Күчтөрдүн түзүлүп жаткан топторуна, аларды эшелондоого, жайгаштырууга жана ыкчам дайындоого колдонулгандай болуп түзүлөт. Аскердик-үйрөтүлгөн резервдер аскерге чакыруу жана контракт, жогорку окуу жайларына караштуу аскердик факультеттер жана кафедралар жана аскердик жыйындар боюнча аскер кызматын өтөө мөөнөтүндө даярдалат.
Куралдуу Күчтөр, башка аскердик түзүлүштөр жана аскер кызматы каралган мамлекеттик органдар үчүн запаста топтоону жана аскердик-үйрөтүлгөн мобилизациялык резервди даярдоону, чакырууну пландаштырууга жалпы жетекчилик Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан ишке ашырылат.
26. Кыргыз Республикасынын калкын куралдуу зордуктун каражаттарын колдонуу менен байланышкан экстремалдык кырдаалдарда, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын, кырсыктардын жана табигый, техногендик мүнөздөгү кыйроолордун шарттарында анын даярдыгын камсыз кылуу бул даярдыктын максаты болуп эсептелет.
Төмөнкүлөр калкты даярдоонун артыкчылыктуу багыттары болуп саналат:
- Куралдуу Күчтөрдүн жана аймактык коргоонун кызыкчылыктарында аймакты жабдууга катышуу;
- аймактык коргонууну уюштурууга жана жүргүзүүгө катышуу;
- Кыргыз Республикасынын жарандарында атуулдукту жана жарандык милдеттин сезимдерин, Мекенди сүйүүнү тарбиялоо;
- аскерге чейинки чакыруу системасын өркүндөтүү;
- Ата-Мекенди коргоого жарандардын моралдык-психологиялык даярдыгын түзүү;
- аскердик жана өзгөчө абал, өзгөчө кырдаалдар, табигый жана техногендик мүнөздөгү авариялар жана алааматтар шартында аракеттерге даярдоо.
Калкты даярдоо мурдатан жана согуш мезгилинин шарттарында ишке ашырылат. Ал өзүнө аймактык коргоонун жана калкты коргоого, согуш мезгилинде жоготууларды жана кыйроолорду төмөндөтүүгө, экономиканын обьекттеринин туруктуу иштөөсүн жогорулатууга жана адамдардын жашоо турмушун камсыз кылууга, кыйроо очокторунда жана кырсыктардын, кыйроолордун жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө багытталган иш-чараларынын комплексин өткөрүүнү камтыйт.
27. Кыргыз Республикасынын аймагын даярдоо Куралдуу Күчтөрдү колдонуунун кызыкчылыгында аны жабдууда жана коркунуч келтирген кайсы гана багыттарда болбосун, Куралдуу Күчтөр тарабынан согуш аракеттерин ийгиликтүү ыкчам жайылтууну жана жүргүзүүнү камсыз кылуучу мамлекеттин аскердик инфраструктурасынын бирдиктүү системасын түзүү максатында аймактык коргонууну жүргүзүүдө камтылат.
Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын аймагын ыкчам жабдуунун артыкчылыктуу багыттары болуп саналат:
- негизги аскердик коркунучтун багыттарында аскердик башкаруу органдарын, Куралдуу Күчтөрдүн туруктуу даярдыктагы бирикмелерин жана бөлүктөрүн жайгаштыруу жана анын иштөөсү үчүн шарттарды түзүү;
- башкаруунун жана байланыштын мамлекеттик системасын даярдоо;
- аймакты жана аскерлерди башкаруу пункттарын инженердик жабдуу;
- Куралдуу Күчтөрдүн мүмкүн болгон аракеттеринин райондорунда жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында аскердик инфраструктуранын жана коммуникацияларынын объекттерин түзүү;
- материалдык каражаттардын мамлекеттик жана ыкчам корлорун сактоо үчүн базалар жана кампалар системасын өнүктүрүү;
- аскердик техниканы жана куралды оңдоо жана калыбына келтирүү үчүн оңдоо ишканаларынын түйүндөрүн түзүү;
- медициналык мекемелердин түйүндөрүн жайылтууга даярдык.
Аскердик курулуштун негизги принциптери
28. Мамлекеттин натыйжалуу аскердик уюмун, анын ичинде тиешелүү куралдар жана аскер техникасы менен жабдылган, материалдык-техникалык каражаттардын белгиленген корлору менен камсыз болгон жана тынчтык жана согуш мезгилинде алдыга коюлган милдеттерди ыкчам чечүүгө жөндөмдүү, заманга ылайык Куралдуу Күчтөрдү түзүү Кыргыз Республикасынын аскердик курулушунун башкы максаты болуп саналат.
29. Аскердик курулуштун негизги принциптери:
- мамлекеттин аскердик курулушуна көз караштардын ишин улантуусун сактоо;
- кризистик кырдаалдардын келип чыгуусунун баштапкы стадияларында аны чечүүнүн аскердик эмес каражаттарын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуулугу;
- жеке башчылык жана башкарууну борборлоштуруу принциптери менен айкалышууда аскердик курулуштун жүрүшүнө натыйжалуу мамлекеттик жана жарандык контроль;
- коопсуздуктун коркунучтарын алдын алуу жана жоюу үчүн жетиштүү деңгээлде мамлекеттин коргоо потенциалын колдоо;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн күчтөрдү жана каражаттарды комплекстүү пайдалануу.
30. Аскердик курулуштун негизги милдеттери:
- тынчтык жана согуш мезгилинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун жалпы системасында мамлекеттин аскердик уюмду натыйжалуу башкаруу системасын түзүү;
- аскер уюмдарынын компоненттеринин түзүмүн, курамын жана санын тынчтык мезгилдин милдеттерин, түздөн-түз коркунуч болгон мезгилде согуш мезгилине ылайык келтирүү;
- аскердик-экономикалык камсыз кылуунун материалдык базасын өнүктүрүү;
- мобилизациялык жайылтуусуз улуттук коопсуздуктун коркунучтарын жоюу үчүн жетиштүү болгон, тынчтык мезгилдин штаттарында туруктуу даярдыктагы бирикмелерди жана бөлүктөрдү комплекттөөнү камсыз кылуу;
- согуш мезгилинин шарттарында иштөө үчүн экономиканы, мамлекеттик органдарды жана уюмдарды мобилизациялык даярдоону өркүндөтүү;
- өлкөнүн аскердик коопсуздугу менен байланыштуу болгон мамлекеттик органдарды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун бирдиктүү системасын түзүү;
- мамлекеттик материалдык резервде, Куралдуу Күчтөрдө жана башка аскердик түзүлүштөрдө куралдарды жана аскер техникасын, материалдык каражаттарды топтоонун системасын өркүндөтүү;
- кадрлардын, аскердик билим берүүнүн жана аскердик илимдин бирдиктүү улуттук системасын түзүү.
Аскердик реформа: анын максаты жана негизги багыттары
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү эки он жылдыктын ичинде өзүнүн калыптануу жана андан ары өнүгүү этаптарынан өттү. Алар 1999-2001-жылдардагы Баткен окуяларында эл аралык террористтердин тобуна каршы күрөшүүдө жана 2010-жылдын июнь айындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча аракеттерде өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алды.
Ошону менен бирге, объективдүү түрдө бышып жетилген аскердик реформа бир нече себептерден улам толук көлөмдө ишке ашырылган эмес. Мамлекеттин аскердик түзүлүшү көп учурда өткөндүн мурасы болуп саналган иштөөнүн түзүмүн жана принциптерин азыркы күнгө чейин сактап келет. Ал заманга ылайык талаптарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана анын мамлекеттик институттарынын демократиялык өнүгүү деңгээлине туура келбейт.
Түзүлгөн кырдаал аскердик курулушту кыйындатат жана өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн өнүгүүсүн кармап турат. Ошону менен, аскер реформасын жүргүзбөстөн кошумча финансылык жана материалдык ресурстарды бөлүп берүү коргоо чөйрөсүндө сапаттуу өзгөрүүлөргө алып келүүгө жөндөмсүз болот.
Алдыда боло турган реформа аскер түзүлүшүндө мазмуну боюнча терең өзгөрүүлөрдү, Аскер доктринасын кабыл алууну, Куралдуу Күчтөрдүн түзүмүн кайра курууну, аларды башкарууну кайра уюштурууну, даярдоону жана колдонууну, аскердик-техникалык саясатты жана материалдык-техникалык камсыз кылууну кайра карап чыгууну камтыйт.
31. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик түзүлүштөрдү аскердик башкаруунун бирдиктүү борбору, жетиштүү күжүрмөн жана сандык курамы бар жана материалдык-техникалык камсыз кылуунун натыйжалуу системасы болгон заманга ылайык типтеги куралдуу уюмга кайра түзүү аскердик реформанын башкы максаты болуп саналат.
Аскердик реформанын негизги багыттары:
- коргоону башкаруунун учурга ылайык принциптерине жана куралдуу күчтөргө жарандык контролдун практикасына ылайык Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын функцияларын бөлүү;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын базасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабын түзүү жолу менен Куралдуу Күчтөрдү башкаруу системасын реформалоо;
- коргоону жана коопсуздукту камсыз кылуучу мамлекеттик органдарды Генералдык штабга баш ийдирүү менен алардын күчтөрүн жана каражаттарын бириктирүү;
- тынчтык жана согуш мезгилинин түздөн-түз жана потенциалдуу коркунучтарына каршы туруу боюнча милдеттерге ылайык, Куралдуу Күчтөрдүн түзүмүн, күжүрмөн жана сандык курамын оптималдаштыруу;
- Кыргыз Республикасынын абадан кол салуудан коргонуу системасын модернизациялоо;
- чектелген ресурстарды башкаруунун илимий моделдеринин негизинде, Куралдуу Күчтөрдүн жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуучу башка мамлекеттик органдарды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун бирдиктүү системасын түзүү;
- Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү ар тараптуу камсыз кылуунун заманга ылайык принциптерин жана механизмдерин колдонууга киргизүү.
IV. Коргоону аскердик-экономикалык жактан камсыз кылуу
Коргоону аскердик-экономикалык жактан камсыз кылуунун максаты жана милдеттери
32. Коргонуу потенциалын коргонууга жетиштүү деңгээлде колдоп туруу үчүн Коргоону аскердик-экономикалык жактан камсыз кылуунун максаты жана милдеттери
Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн финансылык каражаттарындагы, материалдык-техникалык ресурстардагы, куралдагы жана аскер техникасындагы муктаждыктарын өз учурунда жана толук канааттандыруу аскердик-экономикалык камсыз кылуунун башкы максаты болуп саналат.
33. Аскердик курулушту кепилдик берилген программалык-максаттуу каржылоо жана Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүлүштөрдү жана Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылууга тартылуучу мамлекеттик органдарды өнүктүрүү аскердик-экономикалык камсыз кылуунун негизги принциби болуп эсептелет.
34. Төмөнкүлөр аскердик-экономикалык камсыз кылуунун негизги милдеттери болуп саналат:
- аскердик экономиканы этабы менен түзүү жана өнүктүрүү;
- Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү куралдар жана аскердик техника менен жабдуу боюнча иш-чараларын финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну пландаштыруу;
- Куралдуу Күчтөрдү ооруктук, медициналык жана техникалык жактан камсыз кылуунун бирдиктүү системасын өркүндөтүү;
- аскер кызматчыларына, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана аскер кызматынан бошотулган жарандарга мыйзам тарабынан белгиленген кепилдиктерди жүзөгө ашыруу;
- мамлекеттин мобилизациялык резервинде материалдык, биринчи кезекте азык-түлүк товарларынын, буюм мүлкүнүн жана мунай азыктарынын корлорун түзүү жана өз учурунда жаңыртуу;
- Кыргыз Республикасынын экономикасын мобилизациялык даярдоону өркүндөтүү;
- куралды жана аскер техникасын бирдейлештирүү жана модернизациялоо;
- куралды, аскердик жана атайын техниканы коргоо, күтүү жана сактоо системасын өркүндөтүү;
- куралды, автомобилдик жана сооттолгон танк техникасын оңдоонун улуттук базасын түзүү жана өркүндөтүү;
- ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды толуктоону жана алмаштырууну уюштуруу.
35. Тынчтык мезгилде Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү даярдоону камсыз кылуучу материалдык каражаттарды өндүрүү, топтоо, сактоо, кармоо жана жаңыртуу, ошондой эле согуш мезгилинде аларды мобилизациялык, ыкчам жайылтуу жана согуш аракеттерин жүргүзүү материалдык каражаттарды камсыз кылуунун негизи болуп саналат.
Мобилизациялык жайылтуунун жүрүшүндө - Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү согуш мезгилинин штаттары жана ченемдери боюнча үзгүлтүксүз камсыз кылуу.
Согуш аракеттеринин жүрүшүндө - согуш аракеттеринин аймагында, ошондой эле куралдагы жана аскердик техникадагы жоготуулардын ордун толтуруу үчүн аскерлерге материалдык каражаттарды берүү.
Экономиканы, мамлекеттик органдарды жана уюмдарды мобилизациялык жактан даярдоо
36. Кыргыз Республикасын коргоо согуш коркунучунун шайкеш деңгээлинде мамлекетти мобилизациялоону өз учурунда жүргүзүүгө негизделет.
Экономиканы, мамлекеттик органдарды жана уюмдарды мобилизациялык жактан даярдоонун максаты аларды согуш мезгилинин шарттарындагы ишке өтүүгө алдын ала даярдоо, Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн муктаждыктарын канааттандыруу, ошондой эле согуш мезгилинде мамлекеттик муктаждыктарды жана калктын муктаждыгын камсыз кылуу болуп саналат.
Төмөнкүлөр мобилизациялык даярдыктын негизги милдеттери болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын экономикасын даярдоонун мобилизациялык пландарын, облустардын, райондордун жана уюмдардын мобилизациялык пландарын иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын, Куралдуу Күчтөрдүн керектөөлөрүн, ошондой эле согуш мезгилинде калктын муктаждыктарын канааттандыруучу продукцияны өндүрүүнүн мобилизациялык кубаттуулуктарын түзүү;
- мобилизация боюнча Куралдуу Күчтөргө жеткирүү үчүн дайындалган техниканы даярдоо;
- мамлекеттин материалдык каражаттарынын корлорун жана азык-түлүк товарлардын жана мунай азыктарынын "кол тийгис корунун" мобилизациялык резервин түзүү жана жаңыртуу;
- мобилизациялоо мезгил аралыгында жана согуш мезгилинде иштөөгө финансылык жана салык системаларын даярдоо;
- мамлекеттик органдардын башкаруу пункттарын өркүндөтүү.
Коргоого чыгымдарды каржылоо
37. Коргоого чыгымдарды каржылоо төмөнкүлөрдү эске алуу менен уюштурулат:
- ыкчам жайылтууну жана мүмкүн болгон согуш аракеттерин пландаган мобилизациялык жайылтуунун базасын түзүүгө артыкчылыктуу каржылоо;
- аскердик коопсуздукту камсыз кылуучу, анын ичинде террорго каршы жана башка атайын операцияларды өткөрүү үчүн финансылык каражаттардын резервин түзүү;
- коргонуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу деңгээлде Куралдуу Күчтөрдү программалык-максаттуу каржылоо.
Аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо
38. Аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо Кыргыз Республикасынын аскер түзүлүшүн өнүктүрүүнүн зарыл шарттары болуп саналат жана төмөнкүдөй максаттарга ээ болот:
- аскер кызматынын аброюн жогорулатуу;
- аскер кызматчыларынын социалдык жашоо турмушун жакшыртуу;
- аскерлердин жогорку моралдык духун, моралдык-психологиялык абалын жана аскер кызматчыларынын арасында тартипти колдоо.
Төмөнкүлөр социалдык жактан коргоонун негизги милдеттери болуп саналат:
- аскер кызматчыларынын жана жарандык персоналдын акчалай көмөктөрүн жогорулатуу;
- аскердик кызматтан бошотулган аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү;
- турак-жай көйгөйүн чечүү;
- аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана аскердик кызматтан бошотулган жарандарды медициналык жактан тейлөөнү жана камсыз кылууну өркүндөтүү.
V. Эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык
39. Кыргыз Республикасы үчүн эл аралык аскердик кызматташтыкта төмөнкүлөр артыкчылыктуу багыттар болуп саналат:
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин, Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында аскердик жана аскердик-техникалык өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү;
- "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын алкагында аскер чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүү;
- ишеним көрсөтүү чараларын бекемдөө, куралданууга контроль жүргүзүүгө катышуу;
- БУУ менен кызматташтыкты кеңейтүү;
- чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эки тараптуу жана көп тараптуу аскердик кызматташтыкты чыңдоо;
- БУУнун жетекчилиги астында тынчтыкты сактоо боюнча эл аралык операцияларда аскер бөлүктөрүнүн катышуусу.
40. Кыргыз Республикасы чет мамлекеттердин аскердик ведомстволору менен эл аралык аскердик кызматташтыкта өзүнүн ишин төмөнкү чөйрөлөрдө координациялайт:
- аскердик саясат;
- жамааттык коопсуздук системасы;
- Абадан кол салуудан коргонуунун Бириккен системасын өркүндөтүү;
- экстремизмге, эл аралык терроризмге жана адамзатка болгон башка чакырыктарга жана коркунучтарга каршы биргелешкен күрөш;
- аскердик-техникалык кызматташтык;
- аскердик инфраструктураны, аскер кадрларын даярдоону, аскердик илимди өркүндөтүү;
- аскер кызматчыларынын укуктарын коргоо;
- Куралдуу Күчтөргө жана башка аскердик түзүлүштөргө демократиялык контроль.
41. Аскердик-техникалык кызматташтыкты ишке ашырууда төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизги принциптери болуп саналат:
- куралдын жана аскердик багыттагы продукциянын экспортуна контроль жүргүзүү жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин сактоосу;
- эл аралык аскердик-техникалык кызматташтыкты активдештирүү жолу менен аскердик дайындалыштагы продукциянын ата-мекендик өндүрүшүн өнүктүрүү;
- коргоо өнөр жай ишканаларында буйрутмаларды өз ара жайгаштыруу.
Корутунду
Аскердик доктрина Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик жана аскердик башкаруунун бардык органдарынын, уюмдардын, коомдук бирикмелердин жана жарандардын координацияланган ишин карайт.
Бул Аскердик доктринада баяндалган аскердик курулуш, мамлекетти коргонууга даярдоо, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскерлерди колдонуу көз караштары жана мамилелери аскердик-саясий жагдайдын өзгөрүүсүн, аскердик кооптуулуктун жана аскердик коркунучтун мүнөзүн эске алуу менен такталат жана Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларында конкреттештирилет.