Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 22-майы ПЖ № 125
А.С.Эгембердиева жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын Баткен облусунун Баткен райондук сотунун судьясы А.С.Эгембердиевага карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу тууралуу сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 14-пунктуна, 2-бөлүгүнө жана 28-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Баткен облусунун Баткен райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Эгембердиева Аида Салибековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |