КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 31-майы ПЖ № 129
С.М.Исабаев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 5-пунктчасына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Бишкек шаардык сотунда судьялык ыйгарым укуктарды жүргүзүп жаткан Исабаев Санжар Мамадиярович сот адилеттигин жүргүзүү менен байланышпаган башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары 2018-жылдын 29-майынан тартып токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |