Редакцияот 02,06,2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2018-жылдын 2-июну ПЖ № 130

Баткен облустук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Аданбаев Зарипбек Максутович, Айжигитов Бостонбай Абдрашитович, Алибаев Бактыяр Маликович, Жороев Султангазы Золотунович, Карабаев Сооронбай Уркунбаевич, Нарынбаев Таштанбек Пахирович, Толубаева Уулча Мейманалиевна жана Түмөнов Алтынбек Жаңыбаевич Баткен облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, алардын Баткен облустук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 30-апрелинен тартып токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

 

С. Жээнбеков