Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 4-июну ПЖ № 134
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш жөнүндө
Кыргыз Республикасында санариптик трансформациялоо үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылууга, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүгө, мамлекеттик башкарууда жана киберкоопсуздукту камсыз кылууда инновациялык ыкманы колдонууга багытталган мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу боюнча ишке жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңешке (мындан ары - Эксперттик кеңеш) төмөнкүлөр сунушталсын:
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны экспертизадан өткөрсүн жана аны өркүндөтүү боюнча, анын ичинде эл аралык интеграциялык процесстер жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыксын;
- санариптик трансформациялоонун маселелери, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү, санариптик экономика үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле санариптик трансформациялоо менен байланышкан башка маселелер боюнча сунуштамаларды иштеп чыксын.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Эксперттик кеңешке жүктөлгөн функцияларды аткарууда ар тараптан көмөк көрсөтсүн, анын ичинде мамлекеттик сырды жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырларды камтыган документтерди кошпогондо, документтерди жана материалдарды берсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңештин КУРАМЫ
Догоев Дастан Давлетович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Санарип Борбордук Азия - Түштүк Азия: Кыргыз Республикасы" долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору, Эксперттик кеңештин координатору; |
Аденисов Адилет Аденисович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Турдалиев Эдуард Климович | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кеңешчиси; |
Абдуллаев Талант Тынычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Саккараева Элина Джанарбековна | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Ачык маалыматтар боюнча аракеттердин планы" долбоорунун менеджери; |
Закенаев Кубанычбек Акимгазиевич | - | "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" жабык акционердик коомунун маалыматтык коопсуздук программаларынын башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча); |
Абакиров Азис Джумабекович | - | Программалык камсыз кылууну жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Исмаилова Рита Асанкуловна | - | "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин инженердик факультетинин улук окутуучусу (макулдашуу боюнча); |
Казыбай Темир | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |
КР Президентинин 2021-жылдын 21-июлундагы ПЖ № 305 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ