Редакцияот 24,07,2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2018-жылдын 24-июлу ПЖ № 153

К.Р.Мамытов жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясы К.Р.Мамытовго карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу тууралуу сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Мамытов Канатбек Рысбаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

 

С. Жээнбеков