Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 28-июлу ПЖ № 155
Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Бишкек шаардык сотуна, Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондук сотторуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары жиберилсин:
- Бишкек шаардык сотуна:
Досмамбетов Азизбек Анарбекович;
Садыкова Гульмира Сартовна;
Сатыбалдиев Болотбек Топчубаевич;
- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна:
Бейшеева Зарема Асаналиевна;
Орозбакова Максат Асанкуловна;
- Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна:
Асаналиева Чынара Сейткадыровна;
Исаева Айзада.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |