Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-июну № 353
"Кыргыз Республикасынын "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 20-январы, № 4) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 12-берененин үчүнчү абзацында "энергетикалык компаниялар тарабынан энергияга карата белгиленген жалпы улуттук тарифке" деген сөздөр "акыркы керектөөчүлөргө белгиленүүчү энергиянын тиешелүү тарифтерине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 14-берененин үчүнчү абзацында "каржыланган" деген сөз "каржылануучу" деген сөз менен алмаштырылсын.
3. 17-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин күчүнө кирет.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|