КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 7-августу ПЖ №167
М.К. Мукамбетов жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республоикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-министри Мукамбетов Мурат Картайбекович ээлеген кызматынан бошотулсун.
Президент С. Жээнбеков