КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 4-августу ПЖ № 163
Э.С.Джаркеева жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Э.С.Джаркеевага карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу жөнүндө сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 2-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Джаркеева Эльвира Сагыналиевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, анын Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |