Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-июну № 356
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 10-мартындагы № 76 "Сарычат-Эрташ мамлекеттик коругун уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кумтөр" кенинин концессиясынын алкагында геологиялык-чалгындоо жана казуу иштерин андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 10-мартындагы № 76 "Сарычат-Эрташ мамлекеттик коругун уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- "Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Сарычат-Эрташ мамлекеттик коругунун чек араларын сүрөттөп жазуу" деген № 2 тиркемесинде үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Түштүк чек ара Курга-Тепчи дарыясынын нугу менен агымы боюнча жогору көздөй башатына чейин, андан соң батыш тарапка бурулуп, Петров мөңгүсүнө жана андан ары анын чыгыш чек арасы боюнча д.д.ж. 4901,0 м. бийиктигине чейин жетет. Д.д.ж. 4901,0 м. бийиктиктен баштап чек ара 4600 метрге батышты көздөй түз сызык боюнча д.д.ж. 4561,0 бийиктикке, андан кийин Сарычат дарыясынын башатына чейин созулат.".
2. Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Сарычат-Эрташ мамлекеттик коругунун жерди эсепке алуу документтерин жана укук ырастоочу документтерин ушул токтомго ылайык тартипке келтиришсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |