Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 7-сентябры ПЖ № 181
Судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн Бишкек шаардык сотуна, Чүй облустук сотуна, Чүй облусунун Кемин, Сокулук райондук сотторуна жана Токмок шаардык сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жөнөтүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн жөнөтүлсүн:
- Бишкек шаардык сотуна
Молоев Дамир Жоомартович;
- Чүй облустук сотуна:
Балкыбекова Дамира Абдыкадыровна;
Нурманбетов Эрмек Болотканович;
- Чүй облусунун Кемин райондук сотуна
Култаева Нурила Дукенбаевна;
- Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна
Кумашев Жолдошбек Ильясович;
- Чүй облусунун Токмок шаардык сотуна
Карабекова Элмира Чондошовна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |