Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 7-сентябры ПЖ № 182
К.К.Джунушпаев жана Ч.И.Садырова жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 3-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары болуп шайлангандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу менен Джунушпаев Кыдык Карыбаевичтин Чүй облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 23-майынан тартып жана Садырова Чинара Идрисовнанын Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 27-июнунан тартып токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |