Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 7-сентябры ПЖ № 180
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Бишкек шаардык сотунун, Чүй облустук сотунун, Чүй облусунун Кемин, Сокулук райондорунун сотторунун жана Токмок шаардык сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунуштарын карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:
Балкыбекова Дамира Абдыкадыровна;
Карабекова Элмира Чондошовна;
Култаева Нурила Дукенбаевна;
Кумашев Жолдошбек Ильясович;
Молоев Дамир Жоомартович;
Нурманбетов Эрмек Болотканович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |