Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 29-августу ПЖ № 178
Б.Б.Базаргуруевди "Даңк" медалы менен сыйлоо жана А.А.Усенкановго "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамын ыйгаруу жөнүндө
Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн "Даңк" медалы менен сыйлансын
Базаргуруев Базар Будажапович | - | Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, 2008-жылы Пекиндеги XXIX Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси. |
Дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдагандыгы үчүн "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы ыйгарылсын
Усенканов Анарбек Адыбаевичке | - | Бишкек шаарынын Ленин районунун олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин эркин күрөш бөлүмүнүн улук окутуучу-машыктыруучусуна. |
Президент |
| С. Жээнбеков |