Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы №358 «Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 358
Кабыл алынган
2009-жылдын 5-июну
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Каттоо жана жарыялоо

Реестрде
2009-жылдын 10-июну

Реестрде

Минюст коду
90030

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция05.06.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 5-июну №358

"Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун 14-беренесине ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министри

И.Чудинов

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө депозитарий болуп эсептелген Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетине билдирсин.

 

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартын күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.