Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 24-сентябры ПЖ № 189
Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын азыркы административдик-аймактык түзүлүшү мамлекеттин тарыхый өнүгүү процессинде калыптанган жана өлкөнү социалдык-экономикалык, саясий жана маданий өнүктүрүүнүн маселелерин чечүү үчүн түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо аймактарды натыйжалуу башкаруу жана региондорду комплекстүү өнүктүрүү максатында административдик-аймактык түзүлүштү өркүндөтүүнү талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун 2018-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында жасаган кайрылуусунда административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн актуалдуулугу белгиленген.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 2018-жылдын 13-августунда кабыл алган 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында региондорду жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча төмөнкүдөй милдеттер аныкталган:
- адамдык жана финансылык ресурстарды башкарууда, региондорду өнүктүрүү программаларын аныктоодо жана ишке ашырууда жергиликтүү бийлик органдарынын өз алдынчалыгын көтөрүү;
- таяныч калктуу конуштарды түзүүнүн жана региондорду адистештирүүнүн негизинде социалдык-экономикалык өнүктүрүү, региондордо элге мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды сапаттуу көрсөтүүнү уюштуруу;
- жергиликтүү коомчулуктардын ишин башкарууга элди кеңири тартуу, ар бир мүчөсү өзүнүн аймагын өнүктүрүүгө түшүнүү менен жана квалификациялуу катышууга жөндөмдүү болгон жооптуу жергиликтүү коомду түзүү.
Административдик-аймактык реформанын көрүлгөн чаралары мамлекеттик бийликти борбордон ажыратууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин каржылоонун натыйжалуу механизмин түзүүгө, социалдык-экономикалык максатка ылайыктыгын жана региондорду өнүктүрүү маселелерин чечүүнү эске алуу менен айрым административдик-аймактык бирдиктерди ирилештирүүгө багытталууга тийиш.
Административдик-аймактык реформанын чараларын иштеп чыгуу региондордун географиялык өзгөчөлүктөрүн, табигый ресурстарын, аймактардагы элдин жыштыгын, айыл чарбасынын зоналарын, чарбалык байланыштарын жана адистешүүсүн эске алган аймактарды социалдык-экономикалык райондоштурууга негизделиши керек.
Административдик-аймактык түзүлүштүн натыйжалуу жана туруктуу системасын түзүү, региондордо элдин жакшы турмуш-тиричилигин камсыз кылуу жана өлкөнүн ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун системасын өркүндөтүүгө багытталган чараларды ырааттуу ишке ашырууну талап кылган Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын маанилүү милдети деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2018-жылдын сентябрынын аягына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлерин, тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди курамына киргизип, административдик-аймактык реформа боюнча жумушчу топту (мындан ары - жумушчу топ) 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө төмөнкү милдеттерди жумушчу топтун алдына коюу менен түзүү сунушталсын:
- региондук саясаттын жана административдик-аймактык реформанын кабыл алынган концепцияларын ишке ашырууга, социалдык-экономикалык райондоштуруунун негизинде административдик-аймактык түзүлүштү реформалоонун сунушталган чараларынын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |