Редакцияот 01,10,2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2018-жылдын 1-октябры ПЖ № 191

Ж.И.Арзыбекова жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Арзыбекова Жылдыз Ийгиликовна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, анын Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 Президент

 

С. Жээнбеков