Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 13-октябры ПЖ № 205
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин Чүй облустук сотунун, Ош шаардык сотунун, Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондук сотторунун, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунун, Нарын облустук сотунун, Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондук сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Абдисаматов Гайратбек Абдиладыевич;
Абсатарова Гулзат Абсатаровна;
Акбердиев Марат Туратбекович;
Баймуратов Нурлан Рахматилдаевич;
Бердибеков Алтынбек;
Мамашов Алмаз Абдибалиевич;
Турдумамбетова Индира Таштанбековна;
Эркебаев Адилет Маматеминович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |