Редакцияот 13,10,2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2018-жылдын 13-октябры ПЖ № 206

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Чүй облустук сотуна, Ош шаардык сотуна, Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондук сотторуна, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна, Нарын облустук сотуна, Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары жиберилсин:

- Чүй облустук сотуна

Эркебаев Адилет Маматеминович;

- Ош шаардык сотуна

Абсатарова Гулзат Абсатаровна;

- Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна

Баймуратов Нурлан Рахматилдаевич;

- Ош облусунун Өзгөн райондук сотуна

Мамашов Алмаз Абдибалиевич;

- Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна

Акбердиев Марат Туратбекович;

- Нарын облустук сотуна

Бердибеков Алтынбек;

- Баткен облусунун Кадамжай райондук сотуна

Абдисаматов Гайратбек Абдиладыевич;

- Баткен облусунун Баткен райондук сотуна

Турдумамбетова Индира Таштанбековна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

 

С. Жээнбеков