Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 26-октябры ПЖ № 216
Мамбеталы Жаңыл жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 3-бөлүгүнө жана “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп шайлангандыгына байланыштуу Мамбеталы Жаңыл Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, анын Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын19-сентябрынан тартып токтолсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент | С. Жээнбеков
|