Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-ноябрындагы № 609 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы №360 токтому менен бекитилген |
Салык постун орнотуунун ТАРТИБИ
I. Жалпы жоболор
II. Салык постун орнотуунун тартиби
III. Салык постунун кызмат адамдарынын жана салык төлөөчүнүн
укуктары жана милдеттери
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 93, 112, 113 жана 119-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана товарлардын жана салык төлөөчүнүн акча каражаттарынын жүгүртүлүшүн толук эсепке алуу максатында салык постун орнотуунун жана анын ишин уюштуруунун жол-жоболорун белгилейт.
2. Салык посту салык төлөөчүнүн салыктык каттоого турган (эсепке алынган) жери боюнча салык органынын жетекчисинин (жетекчинин орун басарынын) буйругу менен орнотулуп, анын персоналдык курамы (мындан ары салык постунун кызмат адамдары) аныкталат.
3. Салык посту салык төлөөчүнүн иш режиминде иштейт.
4. Салык постунун ишинин натыйжасы салык постунун кызмат адамдары жана салык төлөөчү кол коюучу маалымкат менен таризделет. Маалымкат ар бир календарлык айга түзүлөт, ал эми салык посту айда толук иштебеген учурда - салык постунун иши аяктаган учурга карата түзүлөт.
5. Салык постунун иши аяктаганы жөнүндө чечим салык кызматынын органынын буйругу менен ар бир салык төлөөчү боюнча өзүнчө кабыл алынат. Ушул Тартиптин 3-пунктунун 1-пунктчасына ылайык түзүлгөн посттон башка учурларда, Салык постунун ишин аяктоо үчүн салык төлөөчү ушул Тартиптин 3-пунктунда каралган эреже бузууларды жоюшу жана/же салык постун орнотууга зарылдыктын жоктугу негиз болот.
6. Салык постунун кызмат адамдары:
1) салык төлөөчүнүн аймагына жана администрациялык, өндүрүштүк, кампалык жана башка жайларына кирүүгө укуктуу;
2) салык төлөөчүдөн салыктык контроль жүргүзүү үчүн керектүү түшүндүрмөлөрдү, маалымкаттарды, маалыматтарды, эсептик баштапкы документтерди (алардын көчүрмөлөрүн), финансылык отчет алууга укуктуу;
3) башка укуктук тартип органдарына кайрылууга укуктуу.
4) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык салыктык сырды сактоого милдеттүү.
7. Салык постунун кызмат адамдары мыйзамсыз аракеттери же аракетсиздиги, өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Орнотулган салык постунун ишинин натыйжасында алынган маалыматтар Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 119-беренесине ылайык салык кызматынын органы салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмесин аныкташы үчүн негиз болот.
9. Салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салык постунун кызмат адамдарын аймагына же администрациялык, өндүрүштүк, кампалык жана башка жайларына киргизүүгө;
2) салыктык контроль жүргүзүү үчүн керектүү түшүндүрмөлөрдү, маалымкаттарды, маалыматтарды, эсептик баштапкы документтерди (алардын көчүрмөлөрүн), финансылык отчет берүүгө;
3) салык постунун ишин уюштуруу үчүн жай (иш орун) бөлүп берүүгө.
10. Салык төлөөчү ушул Тартиптин 9-пунктунун 2-пунктчасына ылайык салык постунун кызмат адамдарынын аймагына же администрациялык, өндүрүштүк, кампалык жана башка жайларына киришине мыйзамсыз тоскоол кылганы, документтерди берүүдөн баш тартканы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.