Редакцияот 26,10,2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2018-жылдын 26-октябры ПЖ № 217

Марлес Феликс жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 4-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жазык жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна макулдук бергендигине байланыштуу Марлес Феликс Чуй облусунун Москва райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан четтетилсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

С. Жээнбеков