КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 19-ноябры ПЖ № 231
Ш.К.Камбаров жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 3-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Камбаров Шаршенбек Кашкарлыкович каза болгондугуна байланыштуу 2018-жылдын 3-августунан тартып ал Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, анын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |