Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 6-ноябры ПЖ № 224
Илим жана техника жагында 2018-жылдагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө
Илим жана техника жагындагы жетишкендиктери үчүн, ошондой эле илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитетинин чечимин көңүлгө алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары төмөнкүлөргө ыйгарылсын жана "Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" деген наам берилсин:
1) "Офтальмологиядагы заманбап жогорку технологиялык методдор: кыргыз окумуштууларынын микрохирургиядагы теориялык иштеп чыгуулары жана практикалык тажрыйбасы" деген иши үчүн:
Джумагулов Олжобай Джумакадыровичке | - | И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын офтальмология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору; |
Ботбаев Алмазбек Аскеровичке | - | "Дордой офтальмик-сервис" көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты; |
Дикамбаева Марта Казыевнага | - | "Дордой офтальмик-сервис" көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты; |
Усенко Валентина Александровнага | - | "Дордой офтальмик-сервис" көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты; |
Эшмамбетова Асизбекке | - | "Дордой офтальмик-сервис" көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты; |
2) Касым Тыныстанов атындагы сыйлык "Скелеттин узун сөөк сыныктарын заманбап дарылоо" деген иши үчүн:
Джумабеков Сабырбек Артисбековичке | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору, медицина илимдеринин доктору; |
Анаркулов Бектур Суйоркуловичке | - | Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун № 1 травматология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору; |
3) "Эгемендүү Кыргызстандын коомдук-саясий жана социалдык өнүгүүсүнүн актуалдуу проблемалары" деген иши үчүн:
Абдырахманов Толобек Абыловичке | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору; |
Артыкбаев Мэлс Табалдыевичке | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин философия, маданият теориясы жана тарыхы кафедрасынын профессору, саясий илимдердин доктору, философия илимдеринин доктору; |
Курбанова Назира Умаровнага | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин деканы, тарых илимдеринин доктору; |
Маанаев Эгенберды Джумагуловичке | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргызстандын тарыхы жана этнология кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору. |
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |