Редакцияот 06.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2018-жылдын 6-декабры ПЖ № 245

Д.Т.Турдукожоев жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Турдукожоев Доолотбек Тентимишович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан четтетилсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

 

С. Жээнбеков