Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 30-ноябры ПЖ № 234
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун, Ысык-Көл облустук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Борончиева Жаңыл Кубанычбековна;
Казыгулова Мээрим Эсенкановна;
Карабеков Алмаз Маматбекович;
Сабитова Жамиля Сабитовна.
2. Курактык чегине жеткенге чейин Рыбалкина Антонина Дмитриевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |