КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 15-декабры ПЖ № 249
Ж.Калилов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Калилов Жамшитбектин кызматынан кетүүсү кабыл алынсын жана ал Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри кызматынан бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Негиз: Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Ж.Калиловдун арызы.
Президент |
| С. Жээнбеков |