Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-июну № 365
Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын улуттук контролдоо тизмеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Экспорттук контролдоо жөнүндө" Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын улуттук контролдоо тизмеси жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын улуттук контролдоо тизмеси Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизилсин.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын
улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Экспорттук контролдоо жөнүндө" Мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана экспорттук контролдоо жаатындагы нормативдик укуктук базаны андан ары өнүктүрүү үчүн токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын тиркелген улуттук контролдоо тизмеси бекитилсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|