Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-июну № 366
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280,281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна өзгөртүүлордү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине жана аларга теңештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо алардын кызматкерлерине кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 6-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- маалыматтын негизинде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн тизмесин (мындан ары - Тизме):";
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү, бешинчи абзацтар менен толукталсын;
"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары - ТИМ) тарабынан берилүүчү аккредиттөө жөнүндө;
Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө, консулдук мекемелерде жана аталган өкүлчүлүктөр, мекемелер жана консулстволор тарабынан сунушталуучу эл аралык уюмдарда эмгек ишмердигин жүргүзүшкөн Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө.";
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Аймактык салык органы арыз берүүчүнүн эсептик катталган жери боюнча арыз берүүчүдөн эсеп жана документтер келип түшкөн күндөн тартып жыйырма беш күндүк (25 күн) мөөнөттө КНСтин суммасын кайтарып берүү жөнүндө беш нускада белгиленген формадагы төлөм тапшырмасын (төлөм күнүн беш күн жылдыруу менен), "FОRМ SТI-013" корутундусун (мынадан ары - корутунду), реестрди жазат жана Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине (мындан ары - Салыкмамком) жиберет. Декада сайын Салыкмамком Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине КНСтин ордун толтурууга ачык кредиттердин чегинде корутундунун жана төлөм тапшырмаларынын тиркемелери менен реестрди жиберет.";
- 20-пукттагы "Региондук казыналык бөлүмү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-пунктта:
"региондук казыналык бөлүмү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи сүйлөм алып салынсын;
- 24-пунктта "жана региондук казыналык бөлүмдөрүнүн" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |