Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 223 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-июну №368
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри аталган Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Ветеринария жөнүндө
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасында ветеринариянын жалпы, укуктук, уюштуруу жана экономикалык негиздерин аныктайт.
Бул Мыйзам жаныбарлардын ден соолугун сактоого, адамдарды адам жана жаныбарлар үчүн жалпы болгон оорулардан сактоого, жаныбарлардан ветеринардык-санитардык жактан жакшы сапаттуу продуктулардын өндүрүлүшүн жана сатылышын камсыз кылууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ветеринария жагындагы мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келиш керек.
1-берене. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Ветеринария - жаныбарларды жугуштуу жана жугуштуу эмес ылаңдардан сактоо жана алардан дарылоо, жаныбарлардан жакшы сапаттуу продуктулар алынышын камсыздоо, адам жана жаныбарлар үчүн жалпы ооруларды болтурбоо боюнча мамлекеттик, коомдук, чарбалык жана атайын иш-чаралардын комплекси.
Ветеринардык медицина - жаныбарлардын ден соолугун сактоого, ооруп калган жаныбарлардын дартын аныктоого жана дарылоого, жаныбарлардын ылаңдарын аныктоого жана жоюуга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын козгогучтары киришинен корууга багытталган иштердин жыйындысы.
Ветеринардык дары каражаттар - жаныбарлардын ылаңдарын диагностикалоо, иммундук профилактикалоо жана дарылоо үчүн арналган биологиялык, өсүмдүк, химиялык, фармацевттик жана башка препараттар.
Ветеринардык кызмат көрсөтүү - ветеринар врачтар жана ветеринар техниктер көрсөтө турган дарылоочу-профилактикалык, фармацевттик, эксперттик, илим-изилдөөчү, педагогикалык жана консультациялык тейлөө.
Ветеринар врач жана ветеринар техник - ветеринария жагында ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча иштеген адистер.
Ветеринардык санитардык иш-чаралар - жаныбарлардын жугуштуу жана жугушсуз массалык ылаңдарынын чыгышын жана таркалышын болтурбоого, адам жана жаныбарлар үчүн жалпы ылаңдардан адамдарды сактоого, жаныбарлардын ылаңдарынан келүүчү зыянды болтурбоого багытталган иш-чаралардын комплекси.
Мамлекеттик ветеринардык кызмат - аткаруу бийлигинин мамлекеттик башкаруу органынын алдындагы, өз компетенциясынын чегинде эпизоотияга каршы иш-чараларды уюштуруучу жана өткөрүүчү ыйгарым укуктуу орган.
Мамлекеттик-ветеринардык санитардык көзөмөл - аткаруу бийлигинин мамлекеттик башкаруу органынын алдындагы, өз компетенциясынын чегинде ветеринария жагындагы мыйзамдардын бузулушун болтурбоо, аныктоо жана токтотуу боюнча иштерди аткаруучу ыйгарым укуктуу орган жүргүзүүчү иш-чаралардын комплекси.
Ветеринарияда ишкердик жүргүзүү - жеке адамдардын жана юридикалык жактардын жаныбарларды дарылоодогу, ветеринардык дары каражаттарды сатуудагы жана ветеринардык кызматтарды көрсөтүүдөгү экономикалык иштеринин комплекси.
Ветеринардык практика - жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча иштеринин чөйрөсү.
Жаныбарлар - омурткалуу жаныбарлар, канаттуулар, гидробионттор жана аарылар.
Жаныбарларды идентификациялоо - жаныбарды өзүнчө же тобу менен каттоо боюнча иш-чаралардын комплекси.
Карантин - инфекциянын чордонунда жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарын таралышын болтурбоого жана жоюуга багытталган ветеринардык-санитардык жана администрациялык чектөө чараларынын комплекси.
Инфекциянын чордонун жоюу - жалпы өлкөдө же конкреттүү аймакта патогендүү объекттерди жок кылуу.
Ветеринардык көзөмөлдүн объекттери - жаныбарлар, жаныбарлардан алынчу, калктын керектөөсүнө арналган продуктулар, тоюттар жана жаныбарларды тоюттандыруу үчүн, фармацевттик же хирургиялык максат үчүн же айыл чарбасында жана өнөр жайда же колдонуу үчүн тоюттук кошулмалар, уруктар, эмбрион-жумуртка клеткалар, биологиялык продуктулар, патологиялык материалдар жана инфекциялардын козгогучтарынын штаммдары.
Чек арадагы ветеринардык пункт - мамлекеттик чек-ара аркылуу өткөрүү пункттарында ветеринардык көзөмөлдүн импорттолчу жана экспорттолчу ветеринардык объекттерин жана ветеринардык дары каражаттарды өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте түзүлүүчү орун.
Жаныбарлардан алынчу продуктулар - жаныбарлардан алынган, кайра иштетүүгө жана адамдын керектөөсүнө арналган продуктулар жана сырьелук материалдар.
Ветеринардык көзөмөлдүн объекттерин каттоо - жаныбарларды идентификациялоо, жаныбарлардын орун которуусун көзөмөлдөө, эпизоотияга каршы иш-чараларды пландоо жана жүргүзүү үчүн ветеринардык көзөмөлдүн объекттерин жазуу жүзүндө же компьютердик эсепке алуу системасы.
Эпизоотия - жаныбарлардын арасында жугуштуу ылаңдын кеңири жайылышы, мында оорунун деңгээли ошол аймакка жана ошол убакта мүнөздүү кадимки деңгээлден жогору болот.
Эпизоотиялык бейпилдик - аймакта жаныбарлардын өтө коркунучтуу оорулары жок болгон, ал эми башка ооруларга чалдыгуу ошол аймак жана ошол мезгил үчүн мүнөздүү болгон кадимки деңгээлден ашпаган аймактын абалы.
2-берене. Кыргыз Республикасындагы ветеринария
1. Кыргыз Республикасында ветеринариянын максаты болуп жаныбарлардын ылаңдарын болтурбоо жана аларды дарылоо багытында практикалык иш жүргүзүү эсептелет.
2. Кыргыз Республикасында ветеринариянын негизги милдеттери:
- мамлекеттик ветеринардык-санитардык контроль жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагын ветеринардык көзөмөлдүн жаман объекттеринин киришинен сактоо;
- калкты адам жана жаныбарлар үчүн жалпы ылаңдардан коргоо;
- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарын сактоосун контролдоо;
- сатуу пункттарында жүгүртүүнүн бардык этаптарында жаныбарлардан алынган продуктулардын коопсуздугун камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү тизме боюнча карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекцияларды болтурбоо жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүү.
3-берене. Ветеринарияда ченемдик укуктук жөнгө салуу
1. Ветеринарияда ченемдик укуктук жөнгө салуу ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын ветеринария жагындагы ченемдик укуктук актылары менен ишке ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын ветеринария мыйзамдары жаныбарларды ылаңдардан сактоо, жаныбарлардан алынчу, ветеринария жагынан коопсуз продуктуларды чыгаруу, калкты адам жана жаныбарлар үчүн жалпы оорулардан сактоо максатында ветеринария жагындагы мамилелерди жөнгө салат.
4-берене. Ветеринария жаатында эпизоотиялык бейпилдикти камсыз кылуу
Ветеринария жагынан эпизоотиялык бейпилдик Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктачу мамлекеттик орган, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өз ыйгарым укуктарынын чегинде камсыздалат.
5-берене. Ветеринариядагы профилактикалык, санитардык жана ветеринардык чаралар
Жаныбарларды ылаңдардан жана өзгөчө кырдаалдар учурунда кырылуудан сактоо боюнча ветеринардык, санитардык, профилактикалык жана башка чараларды өз компетенцияларынын чегинде мамлекеттик ветеринария кызматы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишке ашырат.
6-берене. Мамлекеттик ветеринардык-санитардык контроль
Жаныбарлардын ылаңдары пайда болгонун, алардын пайда болуу жана таралуу себептерин, шарттарын аныктоо, жаныбарлардан алынган продуктуларды ветеринардык-санитардык экспертизалоо, Кыргыз Республикасынын аймагын ветеринардык көзөмөлдүн жаман объекттери киришинен коруу, ветеринария мыйзамдарынын бузулушун токтотуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте мамлекеттик ветеринардык-санитардык көзөмөл аркылуу аткарылат.
7-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаныбарлар чарбасындагы эпизоотиялык бейпилдикти камсыздоо жагындагы компетенциясы
1. Жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары чыгуу коркунучу болгон же чыккан учурда жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чектөөчү жана кайтаруучу-карантиндик чараларды колдонушат, калкты жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын чыгуу коркунучу жана аны токтотуу, жоюу чаралары жөнүндө маалымдайт.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ветеринардык санитардык-объекттердин жаныбарларды союу, жаныбарлардын өлүктөрүн утилдештирүү боюнча иштерин, ветеринардык клиникалардын жаныбарларды жасалма уруктандыруу пункттары менен, жаныбарлардан алынган продуктуларды камдоо, кайра иштетүү жана сактоо боюнча объекттер менен иштешин уюштурушат жана айыл чарба жаныбарларын толук эсепке алууну жүргүзүшөт.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаныбарлардын ээлерине ветеринардык коштоо документтери бар болсо жаныбардын таандыктыгы жөнүндөгү маалымкаттарды беришет. Маалымкаттын формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаныбарлар жайкы жайытка чыгарылганга чейин профилактикалык эмдөөлөрдү жана диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча чараларды көрүшөт. Профилактикалык эмдөөдөн жана диагностикалык изилдөөдөн өтпөгөн малды жайкы жайытка чыгарууга тыюу салынат.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныкталган оорулуу жаныбарларды өз убагында жок кылышат, аларды көмгөн жерлерди тийиштүү абалда кармашат.
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ветеринар врачтарга жана ветеринар техниктерге ветеринардык, санитардык жана профилактикалык чараларды аткарууга жардам көрсөтүшөт.
8-берене. Ветеринария тармагындагы мамлекеттик органдарды каржылоо
1. Ветеринариядагы мамлекеттик органдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Өзгөчө кырдаалдар учурунда өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ылаңдарды жоюу боюнча карантиндик жана ветеринардык-санитардык иш-чараларды, эпизоотиялык чараларды каржылоо, өзгөчө коркунучтуу ылаңдарды контролдоо жана жоюу боюнча кампанияларды жүргүзүү убагында жок болгону же зыянга учураганы үчүн жаныбарлардын жана канаттуулардын ээлерине компенсация төлөө, форма кийимди даярдоо боюнча каражаттарды бөлүү кабыл алынчу мамлекеттик программалардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктачу тартипте ишке ашырылат.
3. Ветеринария тармагындагы мамлекеттик органдардын пайдалануусунда турган имараттар, курулуштар жана жер участоктору мамлекеттик менчик болуп эсептелет, аларды тескөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
9-берене. Кыргыз Республикасынын аймагын ветеринардык-санитардык коргоо
1. Ветеринардык көзөмөлдүн объекттерин жана ветеринардык дары каражаттарды Кыргыз Республикасына киргизүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган шарттарда уруксат берилет.
2. Ветеринардык көзөмөлдүн объекттерин жана ветеринардык дары каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө, аймагынан алып чыгууга жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте уруксат берилет. Ветеринардык көзөмөлдүн жугуштуу ылаңдардын козгогучтары жуккан жана ветеринариялык жактан опурталдуу объекттерин Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүү тыюу салынат.
3. Ветеринардык көзөмөлдүн объекттерин Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүү ал үчүн атайын жабдылган жана ошол максатка арналган чек арадагы ветеринардык пункттар аркылуу ишке ашырылат, алардын санын жана тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
4. Жаныбарларды Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча ташуу жана жайытка айдап өтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу менен ишке ашырылууга тийиш.
10-берене. Ветеринардык-санитардык экспертиза
1. Ветеринардык-санитардык көзөмөлдүн объекттери алардын тамак-аш үчүн пайдаланууга жарактуулугун аныктоо максатында ветеринардык-санитардык экспертизадан өтүүгө тийиш.
2. Ветеринардык-санитардык экспертизанын уюштуруу жана жүргүзүү, жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн тамак-аш максатында өнөр жайлык эмес жол менен алынган продукцияны, ошондой эле тоюттарды жана өсүмдүктөрдөн алынган тоюттук кошулмаларды пайдалануунун шарттары Кыргыз Республикасынын ветеринария тармагындагы техникалык регламенттери жана башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
3. Ветеринардык көзөмөлдүн ветеринардык-санитардык экспертизадан белгиленген тартипте өтпөгөн объекттерин тамак-аш максатында сатууга жана пайдаланууга тыюу салынат.
11-берене. Ветеринардык дары каражаттарды өндүрүү жана жүгүртүү
Ветеринардык дары каражаттарды өндүрүү жана жүгүртүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ишке ашырылат.
12-берене. Жаныбарлардын ээлеринин жана жаныбарлардан алынчу продуктуларды өндүрүүчүлөрүнүн милдеттери
1. Жаныбарлардын ден соолугу, багылышы жана пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик алардын ээлерине, ал эми жаныбарлардан алынчу ветеринардык-санитардык жактан опурталдуу продуктуларды чыгаргандык үчүн жоопкерчилик - ал продуктулардын өндүрүүчүлөрүнө жүктөлөт.
2. Жаныбарлардын ылаңдарын болтурбоону жана жаныбарлардан алынчу продуктулардын ветеринардык-санитардык жактан коопсуздугун камсыз кылуучу чарбалык, ветеринардык жана экологиялык иш-чараларды, ошондой эле тоюттарды сактоо жана жаныбарлардан алынган продуктуларды иштетүү үчүн короо-сарайларды жана курулмаларды тийиштүү абалда кармоо боюнча иш-чараларды жаныбарлардын ээлери жана жаныбарлардан алынчу продуктуларды өндүрүүчүлөр аткарышат. Курчап турган жаратылыш чөйрөсүн жаныбарлардан алынчу калдыктар менен булгоого жол берилбейт.
3. Жаныбарларды кармоого, жаныбарлардан алынган продуктуларды иштетүүгө, сактоого жана сатууга байланыштуу объекттерди жайгаштырууда, курууда жана эксплуатацияга берүүдө жаныбарлардын ээлери зоогигиеналык жана ветеринардык-санитардык талаптарды аткарууга тийиш.
4. Жаныбарларды ташуу, союу, алардан алынган продуктуларды иштетүү, сактоо жана сатуу Кыргыз Республикасынын ветеринардык-санитардык талаптарына ылайык белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
5. Жаныбарлардын ээлери жана жаныбарлардан алынчу продуктуларды өндүрүүчүлөр ылаңга шек саналган жаныбарларды ветеринар врачтар жана ветеринар техниктер келгенге чейин изоляциялоо боюнча чара көрүүгө, алардын талабы боюнча жаныбарларды көрсөтүүгө, жаныбарлар күтүүсүз өлгөнү же бир убакта жапырт ылаңдаган бардык учурлары, ошондой эле алардын башкача жүрүш-туруштары жөнүндө ветеринар врачка же ветеринар техникке дароо кабарлоого милдеттүү.
6. Жаныбарлардын ылаңдарын профилактикалоо жана ал ылаңдарга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө ветеринар врачтардын жана ветеринар техниктердин көрсөтмөлөрү жаныбарлардын ээлери жана жаныбарлардан алынчу азыктарды өндүрүүчүлөр үчүн аткарууга милдеттүү.
13-берене. Жаныбарлардын инфекциялык ылаңдарынын чордонун жоюу жана болтурбоону контролдоо
1. Жаныбарлардын жана жаныбарлардан алынган продуктулардын ээлери болгон жеке адамдар жана юридикалык жактар жаныбарлардын инфекциялык ылаңдарынын чордондорун жоюу максатында ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген карантиндик режимдин талаптарын, ошондой эле мамлекеттик ветеринардык-санитардык контроль жүргүзүүчү кызмат адамдарынын тапшырмаларын, көрсөтмөлөрүн аткарууга милдеттүү.
2. Жаныбарлардын инфекциялык ылаңдарынын чордондорун жоюу боюнча эпизоотияга каршы атайын иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык тийиштүү мамлекеттик ветеринардык орган тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
14-берене. Ветеринардык көзөмөлдүн объекттерин каттоо жана жаныбарларды идентификациялоо
1. Ветеринардык көзөмөлдүн объекттери мамлекеттик каттоого алынууга тийиш. Жаныбарларды каттоонун жана идентификациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
2. Сатуу пункттарына, карантиндик станцияларларга жана касапканаларга алынып келген жаныбарлар жана канаттуулар жаныбарларды сатуу пункттарынын, карантиндик станцияларлардын, касапканалардын ээлери тарабынан эсепке алынууга тийиш. Эсепке алуунун, сатылган жана союлган жаныбарлар жөнүнде маалымат берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
15-берене. Жеке ветеринардык практика
1. Жеке ветеринардык практиканы ветеринар врачтар жана ветеринар техниктер ишке ашырышат. Алардын иш жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
2. Ветеринардык иш жүргүзүшкөн ветеринар врачтар жана ветеринар техниктер өздөрүнүн милдеттерин аткарууда ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын ветеринария тармагындагы башка ченемдик укуктук актыларына таянышат.
16-берене. Ветеринария мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарын бузганы үчүн күнөөлүү кызмат адамдары жана жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, администрациялык, жазыктык жана башка жоопкерчиликке тартылышат.
17-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам кабыл алынгандан кийин үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2005-жыл, № 8, 546-ст.);
- "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2009-жылдын 17-апрели, № 26).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|