Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 14-февралы № 75-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Иш-чаралар планынын 138-пунктун аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025-2026-жылдарга санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана санариптик көндүмдөргө окутуу программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2025-2026-жылдарга санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана санариптик көндүмдөргө окутуу программасын ишке ашыруу боюнча жол картасы (мындан ары - Жол картасы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Жол картасын ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары:
1) Жол картасын белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Жол картасын аткаруу жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Жол картасын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
2025-2026-жылдарга санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана санариптик көндүмдөргө окутуу программасын ишке ашыруу боюнча ЖОЛ КАРТАСЫ
№ | Милдеттер | Чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
1-глава. Калктын санариптик сабаттуулугунун жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн институттук базасы | ||||||
1 | Ченемдик базаны өркүндөтүү | 1) билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу үчүн ДМЧАнын жана бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда жашаган адамдардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен санариптик көндүмдөр боюнча окутуу зарыл болгон жарандардын топторун аныктоо | 2025-жылдын II кварталы | Тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынды | СӨМ, ЭСКММ, БИМ, КРПМБА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
2) базалык санариптик компетенцияларга ээ болуу милдеттүү болгон кесиптердин жана кызмат орундарынын тизмегин аныктоо | 2025-жылдын II кварталы | ЭСКММ, МКЖӨБМА, БИМ | ||||
3) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын типтүү квалификациялык талаптарына милдеттүү катары санариптик компетенциялар боюнча талаптардын бардык деңгээлин киргизүү | 2025-жылдын III кварталы | МКЖӨБМА, КРПМБА (макулдашуу боюнча) | ||||
2 | Санариптик көндүмдөрдүн жана компетенциялардын деңгээлинин улуттук стандартын белгилөө | 1) мектепке чейинки, мектепте жана кесиптик билим берүүдө санариптик көндүмдөргө окутуу боюнча программаларды ишке киргизүү | 2025-жылдын II кварталы | Тиешелүү ченемдик/ченемдик эмес укуктук акт кабыл алынды. Тиешелүү программалар ишке киргизилди | БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
2) ар бир компетенция үчүн квалификациянын деңгээлдеринин санын белгилөө | ||||||
3) билим берүү мекемелеринин (мектептердин, кесиптик окуу жайлардын) окуу программаларына алардын азыркы учурда жана келечекте талап кылынган (болжолдонгон) санариптик компетенцияларга шайкештигине талдоо жүргүзүү | ||||||
4) санариптик көндүмдөрдүн жана компетенциялардын стандарттарын регламенттөөгө багытталган ченемдик/ченемдик эмес укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну жана илгерилетүүнү камсыз кылуу | ||||||
3 | Санариптик компетенттүүлүктү тестирлөөнү жана сертификаттоону ("Кыргызтест" системасы сыяктуу) киргизүү | 1) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн санариптик сабаттуулукту жана санариптик көндүмдөрдү баалоо методологиясын иштеп чыгуу | 2026-жыл | Тиешелүү ченемдик/ченемдик эмес укуктук акт кабыл алынды. Санариптик платформа иштелип чыкты | МКЖӨБМА, СӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
2) санариптик сабаттуулукту жана санариптик көндүмдөрдү онлайн-тестирлөө үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу | СӨМ | |||||
3) санариптик компетенттүүлүктү сертификаттоонун (сертификаттын) натыйжаларын, анын ичинде онлайн (санариптик) сертификаттарды таануу маселелерин чечүү | БИМ, СӨМ | |||||
4) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга квалификацияны мындай жогорулатуунун мезгилдүүлүгүн белгилөө менен мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын санариптик сабаттуулугун милдеттүү жогорулатуу жөнүндө талаптарды киргизүү | МКЖӨБМА, КРПМБА (макулдашуу боюнча) | |||||
4 | Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын санариптик көндүмдөрүн жогорулатуу | 1) санариптик технологияларды колдонуу менен мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун колдонуудагы программаларын кайра кароо | 2026-жыл | Тиешелүү ченемдик/ченемдик эмес укуктук акт кабыл алынды | МКЖӨБМА, КРПМБА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
2) ээлеген кызмат орду үчүн жетиштүү болгон санариптик көндүмдөргө ээ болуу жөнүндө талаптарды киргизүү менен кызматкерлерди баалоо программаларын кайра кароо | ||||||
5 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын санариптик сабаттуулугунун жана санариптик көндүмдөрүнүн деңгээлине жана масштабдарына мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын түзүү | 1) санариптик сабаттуулуктун жана санариптик көндүмдөрдүн деңгээлине жана масштабдарына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун/көрсөткүчтөрүнүн тизмегин иштеп чыгуу | 2026-жыл | Тиешелүү ченемдик/ченемдик эмес укуктук акт кабыл алынды | СӨМ, КРПМБА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
2) маалыматтарды топтоо жана иштеп чыгуу методикасын иштеп чыгуу жана бекитүү | ||||||
3) мониторинг жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүү регламентин иштеп чыгуу | ||||||
4) мониторинг жүргүзүү боюнча механизмди аныктоо | ||||||
2-глава. Калктын санариптик платформалардын базасында санариптик көндүмдөрдү жогорулатуу, кошумча билим берүү системасынын негизинде заманбап окутуу инструменттерин, технологияларын жана методдорун колдонуу мүмкүнчүлүгү | ||||||
6 | Жарандардын бардык категориялары үчүн билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылган аралыктан окутуу үчүн бирдиктүү улуттук платформаны түзүү | 1) платформага карата негизги функционалдык талаптарды аныктоо үчүн колдонуудагы билим берүү ресурстарына талдоо жүргүзүү 2) талдоону, коопсуздук талаптарын жана колдонуучулар үчүн ыңгайлуулукту эске алуу менен платформаны иштеп чыгуу 3) колдонуучулардын бирдей кирүүсүн жана аутентификациясын камсыз кылуу үчүн Идентификациялоонун бирдиктүү системасынын жардамы аркылуу платформаны колдонуудагы мамлекеттик системалар менен интеграциялоо | 2025-2026-жылдар | 1. Бирдиктүү улуттук билим берүү платформасы түзүлдү. 2. Тиешелүү ченемдик/ченемдик эмес укуктук акт кабыл алынды | СӨМ, БИМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
7 | Улуттук окутуу платформасын сапаттуу жана актуалдуу билим берүү контенти менен камсыз кылуу | 1) билим берүү платформасы үчүн контентти түзүү жана жайгаштыруу (берүү форматы: текст, видео, сүрөт, электрондук курстар) | 2025-2026-жылдар | Жарандардын бардык категориялары үчүн сапаттуу билим берүү ресурсуна жеткиликтүүлүк камсыз кылынды | БИМ, СӨМ | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
2) технологиялардын, мыйзамдардын, илимий маалыматтардын жана башка факторлордун өзгөрүүлөрүн эске алуу менен контенттин үзгүлтүксүз жаңылануусун камсыз кылуу | ||||||
8 | Калктын санариптик сабаттуулугун жана санариптик компетенциясын өнүктүрүү боюнча окутуу курстарын жана тренингдерди өткөрүүнү колдоо | Мектептердин, кесиптик окуу жайлардын, китепканалардын, ишке орноштуруу кызматтарынын, жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун жана башка мекемелердин колдонуудагы инфраструктурасынын базасында калктын санариптик сабаттуулугун жана санариптик компетенциясын өнүктүрүү боюнча окутуу курстарын жана тренингдерди өткөрүүгө көмөк көрсөтүү | 2025-2026-жылдар | Кыргыз Республикасынын калкынын санариптик сабаттуулугу жогорулады | БИМ, БШК, СӨМ, ЭСКММ, ЖОЖдор жана башка билим берүү мекемелери (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
3-глава. Санариптик сабаттуулукка жана санариптик көндүмдөргө ээ болуу мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу, аларды санариптик технологияларды колдонууга шыктандыруу жана сыйлоо | ||||||
9 | Санариптик сабаттуулукту жана санариптик көндүмдөрдү жогорулатуунун зарылдыгы жана маанилүүлүгү жөнүндө маалыматтык кампанияны өткөрүү | 1) калктын санариптик сабаттуулугун жана санариптик көндүмдөрүн жогорулатуунун зарылдыгы жана маанилүүлүгү жөнүндө материалдарды даярдоо жана жайылтуу | 2025-2026-жылдар | Тиешелүү маалыматтык кампания өткөрүлдү | Министрликтер жана ведомстволор | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
2) региондордо санариптик сабаттуулукту жана көндүмдөрдү жогорулатуу боюнча калк үчүн ар түрдүү тренингдерди, окутуу курстарын өткөрүү | ||||||
3) санариптик лидерлер менен шыктандыруучу жолугушууларды өткөрүү | ||||||
4) калк арасында Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын, булут электрондук кол тамгаларды пайдалануунун артыкчылыктарын кошкондо, мамлекеттик санариптик жана электрондук сервистерди колдонууну жайылтуу | ||||||
5) санариптик технологияларды пайдаланууну пропагандалоо максатында ар түрдүү форматтардагы маалыматтык кампанияларды (ЖМК, ачык эшиктер күнү, семинарлар, вебинарлар ж.б.) өткөрүү | ||||||
Кыскартуулардын тизмеси
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
КРПМБА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
МКЖӨБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
ДМЧА | - | ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам |
БШК | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
|
| 3-тиркеме |
2025-2026-жылдарга санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана санариптик көндүмдөргө окутуу программасын ишке ашыруу боюнча жол картасын ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№ | Көрсөткүч | Ченөө бирдиги | Базалык жыл | Аралык индикаторлор | Максаттуу индикаторлор | Жооптуу аткаруучулар | Маалыматтар булагы | |
1-жыл | 2-жыл | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
1-глава. Калктын санариптик сабаттуулугунун жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн институттук базасы | ||||||||
1 | Ченемдик базаны өркүндөтүү | Ченемдик укуктук акт | 2025-ж. | 2025-ж. | - | 2025-ж. Тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынды | СӨМ, ЭСКММ, БИМ, МКЖӨБМА, КРПМБА (макулдашуу боюнча) | СӨМ, ЭСКММ, БИМ, МКЖӨБМА, КРПМБА (макулдашуу боюнча) |
2 | Санариптик көндүмдөрдүн жана компетенциялардын деңгээлдеринин улуттук стандартын белгилөө | Ченемдик/ченемдик эмес укуктук акт | 2025-ж. | 2025-ж. | - | 2025-ж. Тиешелүү ченемдик/ченемдик эмес укуктук акт кабыл алынды. Тиешелүү программалар киргизилди | БИМ | БИМ |
3 | Санариптик компетенттүүлүктү тестирлөөнү жана сертификаттоону киргизүү ("Кыргызтест" системасы сыяктуу) | Ченемдик/ченемдик эмес укуктук акт | 2025-ж. | 2025-ж. | 2026-ж. | 2026-ж. Тиешелүү ченемдик/ченемдик эмес укуктук акт кабыл алынды. Санариптик платформа иштелип чыкты | МКЖӨБМА, СӨМ, БИМ, КРПМБА (макулдашуу боюнча) | МКЖӨБМА, СӨМ, БИМ, КРПМБА (макулдашуу боюнча) |
4 | Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын санариптик көндүмдөрүн жогорулатуу | Ченемдик/ченемдик эмес укуктук акт | 2025-ж. | 2025-ж. | 2026-ж. | 2026-ж. Тиешелүү ченемдик/ченемдик эмес укуктук акт кабыл алынды | МКЖӨБМА, КРПМБА (макулдашуу боюнча) | МКЖӨБМА, КРПМБА (макулдашуу боюнча) |
5 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын санариптик сабаттуулугунун жана санариптик көндүмдөрүнүн деңгээлине жана масштабына мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасын түзүү | Ченемдик/ченемдик эмес укуктук акт | 2025-ж. | 2025-ж. | 2026-ж. | 2026-ж. Тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынды | СӨМ, КРПМБА (макулдашуу боюнча) | КРПМБА (макулдашуу боюнча) |
2-глава. Калктын санариптик платформалардын базасында санариптик көндүмдөрдү жогорулатуу, кошумча билим берүү системасынын негизинде заманбап окутуу инструменттерин, технологияларын жана методдорун колдонуу мүмкүнчүлүгү | ||||||||
6 | Аралыктан окутуу үчүн жарандардын бардык категориялары үчүн билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү камсыздаган бирдиктүү улуттук платформаны түзүү | Ченемдик укуктук акт | 2025-ж. | 2025-ж. | 2026-ж. | 2026-ж. Бирдиктүү улуттук билим берүү платформасы түзүлдү. Тиешелүү ченемдик/ченемдик эмес укуктук акт кабыл алынды | СӨМ, БИМ | БИМ |
7 | Улуттук окутуу платформасын сапаттуу жана актуалдуу билим берүү контенти менен камсыз кылуу | Билим берүү платформасы үчүн контентти түзүү жана жайгаштыруу (берүү форматы: текст, видео, сүрөт, электрондук курстар). Контенттин саны | 2025-ж. | 2025-ж. | 2026-ж. | 2026-ж. Жарандардын бардык категориялары үчүн сапаттуу билим берүү ресурсуна жеткиликтүүлүк камсыздалды | БИМ, СӨМ | БИМ, СӨМ |
8 | Калктын санариптик сабаттуулугун жана санариптик компетенцияларын өнүктүрүү боюнча окуу курстарын жана тренингдерди өткөрүүнү колдоо | Өткөрүлгөн окуу курстары жана тренингдер | 2025-ж. | 2025-ж. | 2026-ж. | 2026-ж. Кыргыз Республикасынын калкынын санариптик сабаттуулугу жогорулады | БИМ, БШК, СӨМ, ЭСКММ, ЖОЖдор жана башка билим берүү мекемелери (макулдашуу боюнча) | БИМ, БШК, СӨМ, ЭСКММ, ЖОЖдор жана башка билим берүү мекемелери (макулдашуу боюнча) |
3-глава. Санариптик сабаттуулукка жана санариптик көндүмдөргө ээ болуу мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу, аларды санариптик технологияларды колдонууга шыктандыруу жана сыйлоо | ||||||||
9 | Санариптик сабаттуулукту жана санариптик көндүмдөрдү жогорулатуу зарылдыгы жана маанилүүлүгү жөнүндө маалыматтык өнөктүк жүргүзүү | Иш-чаралардын саны | 2025-ж. | 2025-ж. | 2026-ж. | 2026-ж. Тиешелүү маалыматтык өнөктүк өткөрүлдү | Министрликтер жана ведомстволор | Министрликтер жана ведомстволор |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
КРПМБА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
МКЖӨБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги |
БШК | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |