Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 13-июну № 376
Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Манас районунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Манас районунун айыл округдарынын аймагында жайгашкан айылдардын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Талас облусунун Манас районунун Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 778,54 га жерди которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын, анын ичинде:
- 674,54 га сугат айдоону жеке турак жай куруу үчун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына, мунун ичинде төмөнкү калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүүгө:
Кыргызстан айыл округунун - 129,1 га;
Май айыл округунун - 41,85 га;
Үч-Коргон айыл округунун - 221,09 га;
Покровка айыл округунун - 270,5 га;
Кайыңды айыл округунун - 12,0 га;
- Кыргызстан айыл округунун аймагында жайгашкан 104,0 га кайрак айдоону жайыттарга.
2. Төмөнкүлөр которулсун:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган 674,54 га сугат айдоо "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына;
- Кыргызстан айыл округунун аймагында жайгашкан 104,0 га кайрак айдоо жайыттарга.
3. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникацияларды эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов
|