Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-июну №381
Мамлекеттин менчигине айландырылган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №961 токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети "Айчүрөк" борбордук универсалдуу дүкөнү" ачык акционердик коому тарабынан Кыргыз Республикасына алынып келген жана жүктүн бажылык №09801/09/3-3395 декларациясы боюнча мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы режиминде таризделген жарык-музыкалык фонтандын себилдегич бөлүктөрүн белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |