Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 19-июнундагы №386

«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу

«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 6-беренелерине ылайык, жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жобо;

- Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча облустук жумушчу топтор жана жергиликтүү комиссиялар жөнүндө жобо;

- Жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнү белгилөө тартиби жөнүндө типтүү жобо;

- Жайыт билетинин типтүү формасы.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары бир айлык мөөнөттө жайыттардын тышкы чек араларын белгилөө боюнча жергиликтүү комиссияларды түзүшсүн.

4. Кыргыз Республикасынын райондорунун жана облустарынын мурдагы колхоз жана совхоздоруна узак мөөнөттү пайдаланууга берилген (1999-жылдын июнуна чейин), башка райондордун жана облустардын администрациялык аймагында жайгашкан жайыт участоктору мындан ары жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча иштер аяктаганга чейин ошол райондордун жана облустардын карамагында калаары белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-июнундагы № 360 «Жайыттарды ижарага берүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун экинчи-төртүнчү абзацтары алып салынсын;

- 2-5-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Жайыттарды ижарага берүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө жобо, мал чарбачылык багытындагы чарбакер субъекттер үчүн жайыт участокторун ижаралоо жөнүндө келишимдин формасы, башка максаттар үчүн жайыт участокторун ижаралоо жөнүндө келишимдин формасы күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-июнундагы № 386 токтому менен бекитилген

 

Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жобо

1. Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары - Мамлекеттик комиссия) убактылуу комиссия болуп эсептелет, жайыттардын чек араларын белгилөө менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн түзүлөт. Мамлекеттик комиссиянын ишмердиги коомдук негизде жүргүзүлөт.

2. Мамлекеттик комиссия коллегиялык орган болуп саналат, анын ишмердиги маселелерди эркин, коллегиялык кароо принциптеринде негизделет жана «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Мамлекеттик комиссиянын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же облустук жумушчу топтор тарабынан түзүлгөн жергиликтүү комиссиялар чече албаган талаш-тартыштарды чечүү;

- жайыттардын чек араларын белгилөө маселелери боюнча акыркы рекомендациялардын даярдалышын камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароосуна сунуштарды киргизүү.

4. Мамлекеттик комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:

- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка мекемелердин жана ишканалардын тиешелүү адистерин ишке белгиленген тартипте тартууга;

- жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча маселелерди чечүү үчүн облустук жумушчу топторду жана эксперттик комиссияларды түзүүгө;

- мамлекеттик бийлик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Мамлекеттик комиссиянын компетенциясына таандык маселелер боюнча материалдарды жана зарыл маалыматтарды сурап алууга.

5. Мамлекеттик комиссиянын жекече жана сандык курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

Мамлекеттик комиссиянын ишине жетекчиликти анын төрагасы жүргүзөт. Мамлекеттик комиссиянын төрагасы:

- Мамлекеттик комиссиянын отурумун чакырат жана тиешелүү материалдардын келип түшүүсүнө жараша анын ишин уюштурат;

- Мамлекеттик комиссиянын отурумунун протоколдоруна кол коёт;

- Мамлекеттик комиссиянын ишинин, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону камсыз кылат.

6. Мамлекеттик комиссиянын төрагасы 10 жумушчу күнгө чейин жок болгон учурда протоколго Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары кол коёт.

7. Мамлекеттик комиссиянын отуруму тиешелүү материалдардын келип түшүүсүнө жараша өткөрүлөт.

8. Мамлекеттик комиссиянын кароосуна киргизилген маселелер боюнча 10 күндүн ичинде таризделүүгө тийиш болгон тиешелүү чечим кабыл алынат.

9. Мамлекеттик комиссиянын кароосуна киргизилген материалдар «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш келбеген, ошондой эле кошумча эсептөөлөрдүн жана маалыматтардын болушунун зарылдыгы келип чыккан учурда материалдар кайра иштелип чыгуу үчүн кайтарылышы мүмкүн.

10. Мамлекеттик комиссиянын отуруму анын мүчөлөрүнүн жалпы санынан 2/3 кем эмеси катышкан учурда укуктуу болуп эсептелет. Мамлекеттик комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн 2/3 добушу менен чечим кабыл алынат жана протокол менен таризделет.

11. Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын методикалык, уюштуруу жана башка камсыздоо иштери Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигине жүктөлөт.

12. Мамлекеттик комиссиянын протоколдору жана башка документтери Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинде сакталат.

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 385 токтомуна тиркеме

 

Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары;

 

Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары,

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча),

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Жайыттар департаментинин директору,

«Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппарат

жетекчиси - министр

 

 

Н.Айтмурзаев

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтому менен бекитилген

 

Жайыт билетинин типтүү формасы

 

_______________________________________________________________________________________________________________________ АВ

0000001,                                                                                                      айыл өкмөтү, район

 

Жайыт билети №____

20_____жылга

Аты-жөнү_________________________________________

(Жайыт пайдалануучу)

Берилген күнү: 20__-жылдын «___» _________________________

Жайыттар: кышкы _____________________

жазгы ________________________________

жайкы ________________________________

күзгү_________________________________

Маршрут 1)____________________________

2)____________________________

3)____________________________

 

Жайытка чыккан мал башынын саны жана малды вакцинациялоо жөнүндө маалыматтар

 

Малдын

түрү

 

 

 

Саны

 

 

 

 

 

1

мал

башына

акы

төлөө

(сом)

Сумма

(сом)

 

 

 

 

Малды вакцинациялоо

жөнүндө маалыматтар

 

 

 

Уй

 

 

 

 

 

 

Топоз

 

 

 

 

 

 

Кой-эчки

 

 

 

 

 

 

Жылкы

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы:

 

 

 

 

 

 

 

Сумма:_______________________________________________

Жазүү менен

 

Жайытты пайдаланганы үчүн акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанция тиркелет.

Аянты га болгон жогоруда аталган жайыттарга баш сандагы мал жаюуга уруксат берилет.

 

М.О. Жайыт комитетинин төрагасы:

_______________________________________________

Аты-жөнү

 

М.О. Айыл өкмөтүнүн башчысы

_______________________________________________

Аты-жөнү