Сравнение редакций…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-сентябрындагы № 482 токтомунун редациясына ылайык)
1. Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары - Мамлекеттик комиссия) убактылуу комиссия болуп эсептелет, жайыттардын чек араларын белгилөө менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн түзүлөт. Мамлекеттик комиссиянын ишмердиги коомдук негизде жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттик комиссия коллегиялык орган болуп саналат, анын ишмердиги маселелерди эркин, коллегиялык кароо принциптеринде негизделет жана "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Мамлекеттик комиссиянын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же облустук жумушчу топтор тарабынан түзүлгөн жергиликтүү комиссиялар чече албаган талаш-тартыштарды чечүү;
- жайыттардын чек араларын белгилөө маселелери боюнча акыркы рекомендациялардын даярдалышын камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароосуна сунуштарды киргизүү.
4. Мамлекеттик комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка мекемелердин жана ишканалардын тиешелүү адистерин ишке белгиленген тартипте тартууга;
- жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча маселелерди чечүү үчүн облустук жумушчу топторду жана эксперттик комиссияларды түзүүгө;
- мамлекеттик бийлик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Мамлекеттик комиссиянын компетенциясына таандык маселелер боюнча материалдарды жана зарыл маалыматтарды сурап алууга.
5. Мамлекеттик комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилет.
Мамлекеттик комиссиянын ишине жетекчиликти анын төрагасы жүргүзөт.
Мамлекеттик комиссиянын төрагасы:
- Мамлекеттик комиссиянын отурумун чакырат жана тиешелүү материалдардын келип түшүүсүнө жараша анын ишин уюштурат;
- Мамлекеттик комиссиянын отурумунун протоколдоруна кол коет;
- Мамлекеттик комиссиянын ишинин, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону камсыз кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-сентябрындагы № 482 токтомунун редациясына ылайык)
6. Мамлекеттик комиссиянын төрагасы 10 жумушчу күнгө чейин жок болгон учурда протоколго Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары кол коет.
7. Мамлекеттик комиссиянын отуруму тиешелүү материалдардын келип түшүүсүнө жараша өткөрүлөт.
8. Мамлекеттик комиссиянын кароосуна киргизилген маселелер боюнча 10 күндүн ичинде таризделүүгө тийиш болгон тиешелүү чечим кабыл алынат.
9. Мамлекеттик комиссиянын кароосуна киргизилген материалдар "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш келбеген, ошондой эле кошумча эсептөөлөрдүн жана маалыматтардын болушунун зарылдыгы келип чыккан учурда материалдар кайра иштелип чыгуу үчүн кайтарылышы мүмкүн.
10. Мамлекеттик комиссиянын отуруму анын мүчөлөрүнүн жалпы санынан 2/3 кем эмеси катышкан учурда укуктуу болуп эсептелет. Мамлекеттик комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн 2/3 добушу менен чечим кабыл алынат жана протокол менен таризделет.
11. Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын методикалык, уюштуруу жана башка камсыздоо иштери Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жүктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-сентябрындагы № 482 токтомунун редациясына ылайык)
12. Мамлекеттик комиссиянын протоколдору жана башка документтери Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-сентябрындагы № 482 токтомунун редациясына ылайык)
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-сентябрындагы № 482, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары - Мамлекеттик комиссия) убактылуу комиссия болуп эсептелет, жайыттардын чек араларын белгилөө менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн түзүлөт. Мамлекеттик комиссиянын ишмердиги коомдук негизде жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттик комиссия коллегиялык орган болуп саналат, анын ишмердиги маселелерди эркин, коллегиялык кароо принциптеринде негизделет жана "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Мамлекеттик комиссиянын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же облустук жумушчу топтор тарабынан түзүлгөн жергиликтүү комиссиялар чече албаган талаш-тартыштарды чечүү;
- жайыттардын чек араларын белгилөө маселелери боюнча акыркы рекомендациялардын даярдалышын камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кароосуна сунуштарды киргизүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттик комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка мекемелердин жана ишканалардын тиешелүү адистерин ишке белгиленген тартипте тартууга;
- жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча маселелерди чечүү үчүн облустук жумушчу топторду жана эксперттик комиссияларды түзүүгө;
- мамлекеттик бийлик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Мамлекеттик комиссиянын компетенциясына таандык маселелер боюнча материалдарды жана зарыл маалыматтарды сурап алууга.
5. Мамлекеттик комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.
Мамлекеттик комиссиянын ишине жетекчиликти анын төрагасы жүргүзөт.
Мамлекеттик комиссиянын төрагасы:
- Мамлекеттик комиссиянын отурумун чакырат жана тиешелүү материалдардын келип түшүүсүнө жараша анын ишин уюштурат;
- Мамлекеттик комиссиянын отурумунун протоколдоруна кол коет;
- Мамлекеттик комиссиянын ишинин, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону камсыз кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-сентябрындагы № 482, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Мамлекеттик комиссиянын төрагасы 10 жумушчу күнгө чейин жок болгон учурда протоколго Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары кол коет.
7. Мамлекеттик комиссиянын отуруму тиешелүү материалдардын келип түшүүсүнө жараша өткөрүлөт.
8. Мамлекеттик комиссиянын кароосуна киргизилген маселелер боюнча 10 күндүн ичинде таризделүүгө тийиш болгон тиешелүү чечим кабыл алынат.
9. Мамлекеттик комиссиянын кароосуна киргизилген материалдар "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш келбеген, ошондой эле кошумча эсептөөлөрдүн жана маалыматтардын болушунун зарылдыгы келип чыккан учурда материалдар кайра иштелип чыгуу үчүн кайтарылышы мүмкүн.
10. Мамлекеттик комиссиянын отуруму анын мүчөлөрүнүн жалпы санынан 2/3 кем эмеси катышкан учурда укуктуу болуп эсептелет. Мамлекеттик комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн 2/3 добушу менен чечим кабыл алынат жана протокол менен таризделет.
11. Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын методикалык, уюштуруу жана башка камсыздоо иштери айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жүктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-сентябрындагы № 482, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Мамлекеттик комиссиянын протоколдору жана башка документтери айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында сакталат.