Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 23-июну №395
"Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64 жана 65-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ушул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезектен тышкары кароосуна өтүнүч берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик кызмат жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзам тарабынан жөнгө салынуучу чөйрө
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик кызматтын (мындан ары - Мамлекеттик кызмат) уюштуруу жана иштөө тартибин аныктайт жана ушул Мыйзамда аныкталган банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салууга жана көзөмөлдөөгө байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
2-берене. Мамлекеттик кызмат, банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишт мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жөнүндө мыйзамдар
Мамлекеттик кызмат, банктан тышкаркы финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан турат.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамда колдонулуучу терминдер жана аныктамалар:
Аткаруучу кеңештин мүчөсүнүн аффилирленген жагы - Аткаруучу кеңештин мүчөсү кабыл алуучу чечимге тике жана (же) кыйыр, анын ичинде келишимдин же башка бүтүмдүн күчү менен таасир эте алуучу ар кандай жеке же юридикалык жак. Аткаруучу кеңештин мүчөсүнүн аффилирленген жагы деп анын жакын туугандары, ошондой эле ал же анын жакын туугандары, же ал өзүнүн жакын туугандары менен биргелешип акциялардын бир же андан ашык пайызына (үлүшүнө), жүгүртүүдөгү облигацияларга ээлик кылган юридикалык жактар милдеттүү түрдө эсептелинет;
башка компаниянын же компаниялар тобунун аффилирленген компаниясы - башка компания (компаниялар тобу) кабыл алуучу чечимди тике жана (же) кыйыр аныктоого же кабыл алуучу чечимге таасир этүүгө укуктуу, анын ичинде келишимдин жана (же) андай компаниядагы акциялардын (үлүштөрдүн) 5 пайызынан ашыгына ээлик кылуунун күчү менен укуктуу компания. Аффилирленген компания деп ошондой эле башка компаниялар (компаниялар тобу) ошол аффилирленген компания кабыл алуучу чечимди тике жана (же) кыйыр аныктоого же кабыл алуучу чечимге таасир этүүгө укуктуу, анын ичинде келишимдин же аффилирленген компаниядагы акциялардын (үлүштөрдүн) 5 пайызынан ашыгына ээлик кылуунун күчү менен таасир этүүгө укуктуу компания да эсептелет;
компаниялар тобу - кесипкөй катышуучудан жана анын туунду жана/же көз каранды компанияларынан жана/же холдинг компаниядан жана анын туунду жана/же көз каранды компанияларынан турган компаниялар тобу;
банктык эмес финансылык сектор - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногунун бөлүгү, ал өзүндө баалуу кагаздар рыногун, камсыздандыруу иш-аракетин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкаруучу компаниялардын иш-аракеттерин, ошондой эле ушул Мыйзамга жана банк-тык эмес финансылык рыноктогу аталган иш-аракеттерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык оюн-зоок жана лотереялык иш-аракетти камтыйт;
Аткаруучу кеңештин аткаруучу ыйгарым укуктарга ээ эмес мүчөсү Мамлекеттик кызматтын кызмат адамы же кызматкери болуп эсептелбеген, Мамлекеттик кызматтын Аткаруучу кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарганы үчүн акы албаган адам, ал Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жогорку натыйжалуу өз ара аракеттешүүсүн камсыз кылат;
кесипкөй катышуучу - аудитордук иш-аракет жүргүзүүгө жана ушул Мыйзамга жана банктык эмес финансылык рынокту, аудитордук ишти жана лицензиялоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык иш-аракет жүргүзүүгө Мамлекеттик кызмат берүүчү лицензиясы же башка уруксат документи бар юридикалык же жеке жак;
пруденциялык талаптар - кесипкөй катышуучунун төлөөгө жарамдуулугун жана финансылык туруктуулугун камсыздоо максатында анын финансылык абалына карата коюлуучу талаптар;
ачык компания - анын баалуу кагаздарына элүү жана андан көп адам ээ болгон жана/же баалуу кагаздарды жарыя сунуш кылган же сунуш кылуучу эмитент;
жөнгө салынуучу субъект - ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти жөнгө салуучу башка мыйзамдарына ылайык жөнгө салынуучу иш-аракетти жүргүзгөн юридикалык же жеке жак. Жөнгө салынуучу субъектиге кесипкөй катышуучу кирет;
өзүн өзү жөнгө салуучу уюм - ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык юридикалык жак катары түзүлгөн кесипкөй катышуучулардын бирикмеси;
башкаруучу жак - директорлор кеңешинин төрагасы, мүчөсү, эмитенттин аткаруу органынын жетекчиси жана мүчөсү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын юридикалык жактардын иштерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык кызмат адамы деп таанылуучу адам;
кесипкөй катышуучулардын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдарынын инвесторлорун коргоо фонду - инвесторлорго кесипкөй катышуучулардын карасанатай аракеттеринен улам келтирилген зыяндын ордун толтурууну камсыздоо максатында кесипкөй катышуучулардын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдары тарабынан түзүлүүчү фонд;
холдинг компания - уюштуруу-укуктук формасына карабастан активдеринин курамына башка уюмдардын акцияларынын (үлүштөрүнүн, пайларынын) контролдук пакеттери кирген уюм.
4-берене. Мамлекеттик кызматтын укуктук абалы
1. Мамлекеттик кызмат Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, аудитти, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук системасын өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана жөнгө салынуучу субъекттердин иштерин жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп эсептелет.
2. Мамлекеттик кызмат юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана өз аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү мөөрлөрү, штамптары жана бланктары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык казыналык системасында жана банктарда ачылуучу эсептери болот.
3. Мамлекеттик кызматтын ушул Мыйзамга жана банктык эмес кыргыз Республикасынын финансылык рынокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарына ылайык белгиленген укуктары, функциялары жана ыйгарым укуктары башка мамлекеттик органдарга өткөрүп берилиши мүмкүн эмес. Мамлекеттик кызмат жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
4. Мамлекеттик кызматтын берилген ыйгарым укуктарына ылайык кабыл алган чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын аймагында бардык юридикалык жана жеке жактардын аткарышы үчүн милдеттүү.
5. Мамлекеттик кызмат өз ыйгарым укуктарын жана функцияларын ишке ашыруу процессинде көз карандысыз аракеттенет, зарыл болсо өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара байланышта жүргүзөт.
6. Мамлекеттик кызмат өз ыйгарым укуктарын жана функцияларын аткаруу процессинде аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана башка уюмдар менен өз ара байланышта аракеттенет.
Ушул мыйзамда Мамлекеттик кызматтын карамагына берилген маселелерди чечүүгө башка мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
7. Мамлекеттик кызмат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.
5-берене. Мамлекеттик кызматтын функциялары
Мамлекеттик кызмат төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- банктык эмес финансы, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук, аудит жагында тобокелчиликтерди тескөө боюнча саясатты аныктоону кошуп алганда, банктык эмес финансылык рынокту өнүктүрүү боюнча саясатты иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- ушул Мыйзамда аныкталган финансылык рынок субъектилери үчүн бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту алып барууга карата талаптарды белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык, жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан алардын иш-аракет чөйрөсүнүн алкагында маалыматты ачыкка чыгаруу боюнча талаптарды белгилейт жана алардын аткарылышын контролдоону жүргүзөт;
- банктык эмес финансылык рынок, бухгалтердик эсеп, аудит боюнча нормативдик укуктук актыларды колдонууга карата методикалык сунуштамаларды иштеп чыгат;
- ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарын жана чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздарын жарыя сунуштоону жана мындай сунуштардын проспекттерин карайт жана каттайт;
- ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногун, лицензиялоону жана аудитордук иш-аракетти жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын талаптарына ылайык, банктык эмес финансылык рынокто кесипкөй иш-аракетти, аудитордук иш-аракетти жүзөгө ашыруу укугуна лицензияларды жана башка уруксат документтерди берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда аталган лицензияларды жана башка уруксат документтердин күчүн токтото турат, жаңыртат жана аларды кайра алып коет (жокко чыгарат);
- ушул Мыйзамдын жана кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, лицензиялоону жана аудитордук иш-аракетти жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын талаптарына ылайык, өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдар катары иштөөгө уруксат берет;
- жарыя компаниялардын жана кесипкөй катышуучулардын финансылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмдарга жана жекече аудиторлорго карата талаптарды аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жана аудитордук иш-аракетти жөнгө салуучу мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына карата жөнгө салынуучу субъекттерди текшерүүнү жүргүзөт;
- жөнгө салынуучу субъекттерге карата келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте карайт;
- Мамлекеттик кызматтын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча материалдарды укук сактоо органдарына жиберет жана сотко доо арыздары менен кайрылат;
- чет өлкөлөрдүн финансылык рынокту көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдары жана банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсеп системасын, финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү жана жөнгө салуу жагындагы эл аралык уюмдар менен кызматташууну жүзөгө ашырат;
- жөнгө салынуучу субъекттердин жана инвесторлордун арасында натыйжалуу жана тунук финансылык рынок принцибин киргизет;
- өз функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун алкагында, жөнгө салынуучу субъекттер жана башка кызыкдар тараптар менен кызматташат;
- банктык эмес финансылык рыноктун субъекттеринин реестрин алып барат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Мамлекеттик кызматтын иш-аракет процессинде түзүлгөн архивдик документтерди комплекттөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча чараларды көрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Мамлекеттик кызматтын муктаждыктары үчүн товарларды алып келүү, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүүгө карата заказдарды жайгаштыруу үчүн конкурстарды өткөрүүнү жана мамлекеттик контракттарды жайгаштырууну уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банктык эмес финансылык рыноктун катышуучуларын окутууну жана сертификациялоону, аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоону жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
6-берене. Мамлекеттик кызматтын укуктары
Мамлекеттик кызмат өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ болот:
- Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рынокту, аудитти, бухгалтердик эсепти, финансылык отчеттуулукту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, аудитти, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук системасын жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актыларына ылайык, нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жана аудитордук иш-аракетти жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, банктык эмес финансылык рынокто кесипкөй иш жүргүзүүнүн шарттарын, анын ичинде пруденциялык талаптарды, тобокелчиликтерди башкаруу боюнча талаптарды, рыноктогу операцияларды башкаруу боюнча талаптарды белгилөө, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жоюу;
- ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, лицензиялоону жана аудитордук иш-аракетти жөнгө салуучу мыйзамдарынын талаптарына ылайык банктык эмес финансылык рынокто кесипкөй иш жүргүзүүгө, аудитордук иш жүргүзүүгө болгон укукка лицензияларды жана башка уруксат документтерди берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда аталган лицензиялардын жана башка уруксат документтердин колдонулушун токтото туруу, аларды кайрадан жаңыртууга жана кайра алып коюу (жокко чыгаруу);
- жарыя компаниялардын жана лицензияланган кесипкөй финансылык катышуучулардын финансылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмдарга жана жеке аудиторлорго карата талаптарды белгилөө;
- Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык, кесипкөй катышуучулардын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдарынын инвесторлорун коргоо фондун түзүү жана анын иштөөсү боюнча талаптарды белгилөө;
- Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык, жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан алардын иш-аракет алкагында маалыматтарды ачып берүү боюнча талаптарды белгилөө жана алардын аткарылышына контролдук жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте, жөнгө салынуучу субъекттерден алардын финансылык-экономикалык иш-аракети жөнүндө ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларында белгиленген отчеттуулукту, маалымкаттарды жана башка маалыматты талап кылуу жана алуу, ошондой эле тийиштүү маалыматты алуу үчүн башка мекемелерге, уюмдарга жана жарандарга кайрылуу;
- Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит маселелерин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларынын талаптарынын жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
- ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жана аудитордук иш-аракетти жөнгө салуучу мыйзамдарынын жоболорун аткарышы жагында жөнгө салынуучу субъекттерди Кыргыз Республикасынын текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык текшерүүнү жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жана аудитордук иш-аракетти жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген талаптар сакталбаган жана/же бузулган учурларда жөнгө салынуучу субъекттерге буйрук-каттарды жана эскертүүлөрдү жиберүү;
- жөнгө салынуучу субъекттер Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жана аудитордук иш-аракетти жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактабаган жана/же бузган учурларда жөнгө салынуучу субъекттерден андай эреже бузууларды Мамлекеттик кызмат белгилеген тартипте жана мөөнөттө жоюуну талап кылуу;
- Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жана аудитордук иш-аракетти жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген талаптарды жөнгө салынуучу субъекттердин сактоосун жана укук бузууларды четтетүүсүн камсыздоо максатында сот органдарына кайрылуу;
- жөнгө салынуучу субъект болуп эсептелген юридикалык жактын жетекчилеринин өз ыйгарым укуктарды аткарышын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте токтото туруу же аларды кызматынан четтетүү;
- ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын нормаларын жана/же баалуу кагаздарды соодалоону уюштуруучунун, клирингдик уюмдун жана/же депозитарийдин эрежелерин бузуу менен жасалган баалуу кагаздар операцияларын токтото туруу;
- ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгынын фактысы боюнча текшерүү же соттук териштирүү жүргүзүлүп жаткан жөнгө салынуучу субъекттин активдерин тескөөсүн чектөө талабы менен сот органдарына кайрылуу. Активдерди тескөөсүн чектөө жөнүндө ушундай эле талап жөнгө салынуучу субъекттин активдерин башкаруучу болуп эсептелген, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарын бузгандык фактысы боюнча текшерүү же соттук териштирүү жүрүп жаткан башка жакка карата да сот органдарына берилиши мүмкүн;
- сот тарабынан банктык эмес финансылык рынок жана аудитордук иш-аракет чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жөнгө салынуучу субъекттен анын кирешелерин мамлекеттик бюджетке алып коюу жана ушул жак тарабынан банктык эмес финансылык рынок жана аудитордук иш-аракет чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгынын кесепетинен жабыркаган юридикалык жана жеке жактардын зыяндарынын ордун толтуруу талабы менен сот органдарына кайрылуу;
- укук бузуунун куралы же түздөн түз объекти болгон предметти конфискациялоо талабы менен сот органдарына кайрылуу;
- жөнгө салынуучу субъекттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте администрациялык жазаларды салуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте комиссиялык жана башка жыйымдарды жөнгө салынуучу субъекттерден алуу;
- бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит, банктык эмес финансылык рыноктогу жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жагындагы эл аралык форумдарга катышуу жана андай форумдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарынын билдирүү;
- биргелешкен иш-аракет алкагында, анын ичинде ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук иш-аракетти жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын талаптарын жөнгө салынуучу субъекттердин аткаруусу жагында аларды текшерүүдө, коомдук жана купуя маалыматты алмашуу максатында, банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти жөнгө салуу боюнча чет өлкөлүк органдар менен кызматташуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан маалыматтарды (анын ичинде купуя маалыматтарды), Мамлекеттик кызматка тапшырылган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл көмөк көрсөтүүнү суроо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына маалыматтарды берүү жана көмөк көрсөтүү;
- Мамлекеттик кызматтын аймактык органдарын түзүү жана жоюу боюнча белгиленген тартипте сунуштарды киргизүү, ошондой эле алардын иштөө тартиптерин аныктоо;
- курамына иш-аракети финансылык рынокту жөнгө салууга байланышкан мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү, жөнгө салынуучу субъекттердин, алардын бирликтеринин, ассоциацияларынын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана көз каранды эмес эксперттер кирген консультациялык-кеңеш берүүчү органды - Эксперттик кеңешти түзүү;
- жумушчу топторду (анын ичинде акы төлөнүүчү негизде) түзүү жана банктык эмес финансылык рынок, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит чөйрөсүндө нормативдик укуктук актыларды, методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгууга, изилдөөлөрдү жана окутууларды жүргүзүүгө мамлекеттик органдардын, банктык эмес финансылык рыноктун жөнгө салынуучу субъекттеринин өкүлдөрүн, бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча адистерди, илимий мекемелердин, жогорку окуу жайлардын, коомдук уюмдардын жана/же жөнгө салынуучу субъекттердин адистерин тартуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Мамлекеттик кызматтын алдында окутуу борборун жана илимий-изилдөө институтун түзүү;
7-берене. Мамлекеттик кызматтын милдеттери
1. Мамлекеттик кызматтын негизги милдети болуп Кыргыз Республикасында финансылык рынокту, аудитордук иш-аракетти, бухгалтердик эсеп системасын, финансылык отчеттуулукту мамлекеттик жөнгө салуу жана жөнгө салынуучу субъекттердин иш-аракетин көзөмөлдөө аркылуу финансылык рынокту өнүктүрүү саналат.
2. Ушул мыйзамдын талаптарына ылайык Мамлекеттик кызмат үчүн төмөнкүлөр милдеттүү болот:
- баалуу кагаздарды эмиссиялоону жана жарыя сунуштоону кошуп алганда, Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, ошондой эле аудит жана бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук боюнча нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпыга жеткиликтүү болуп саналуучу, баалуу кагаздардын катталган чыгарылыштары, баалуу кагаздарды жарыя сунуштоо, баалуу кагаздардын ээлери, жөнгө салынуучу субъекттер жөнүндө жана Мамлекеттик кызмат тарабынан баалуу кагаздардын кайсы бир ээлеринин же жөнгө салынуучу субъекттин мыйзамсыз иш-аракетине карата демилгеленген же көрүлгөн бардык чаралар тууралуу маалыматтарды кошуп алганда, Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногу жөнүндө маалыматтардын бардык катышуучуларга жана инвесторлорго жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу маалыматтар базасын иштеп чыгуу жана алып баруу;
- ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, аудитти, бухгалтердик эсеп системасын, финансылык отчеттуулукту жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актыларынын тийиштүү талаптарын жүзөгө ашырууну натыйжалуу мониторингдөө жана камсыз кылуу жолу менен банктык эмес финансылык рыноктун бардык катышуучуларынын жана кызыкдар тараптардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;
- баалуу кагаздардын интеграцияланган улуттук рыногун түзүү;
- финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин кабылданган стандарттарын жөнгө салынуучу субъекттердин сактоосу үчүн шарттарды камсыз кылуу;
- банктык эмес финансылык рыноктун ачык-айкындыгын камсыз кылуу;
- банктык эмес финансылык рыноктун жөнгө салынуучу субъекттерине карата тобокелчиликтерди башкаруу боюнча талаптарды белгилөө;
- ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук иш-аракетти жөнгө салуучу башка мыйзамдарына ылайык жана аларды аткаруу үчүн банктык эмес финансылык рынокту жана аудитордук иш-аракетти жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
- бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук маселелери боюнча нормативдик укуктук актыларды кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын коомчулукка жеткиликтүү болгон бирдиктүү мамлекеттик реестрин алып баруу;
- банктык эмес финансылык рыноктогу берилген, токтото турулган, кайра жаңыртылган жана жокко чыгарылган лицензиялардын жана бөлөк уруксат документтердин реестрин алып баруу;
- Кыргыз Республикасындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жекече аудиторлордун, кесипкөй аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрин алып баруу;
- Мамлекеттик кызмат бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит жагында кабыл алган нормативдик актылардын жана аларды колдонуу боюнча методикалык көрсөтмөлөрдүн реестрин алып баруу;
- банктык эмес финансылык рыноктун субъекттеринин реестрин алып баруу;
- Мамлекеттик кызматтын нормативдик укуктук актыларында белгиленген тартипте кесипкөй катышуучулардын, кесипкөй катышуучулардын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдарынын мамлекеттик реестрлерин алып баруу;
- жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит маселелерин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышына мониторингди жүзөгө ашыруу;
- ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук иш-аракетти жөнгө салуучу башка мыйзамдарында каралган талаптарды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда материалдарды укук сактоо органдарына жөнөтүү жана Мамлекеттик кызматтын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча сотко доо менен кайрылуу.
8-берене. Финансылык кызматтарды сунуш кылуучу компаниялардын топтору жана холдинг компаниялар
1. Эгерде банктык эмес финансылык рынокто иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга берилген арыздын ээсинин мурда банктык ишти же банктык эмес финансылык рыноктогу башка ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар болсо, Мамлекеттик кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана учурларда арызды кароо башталганга чейин арыз ээсинен лицензия алуу үчүн кайрылууга укугу бар жаңы юридикалык жак түзүүнү талап кылууга укуктуу. Жаңы уюштурулган юридикалык жак мурдагы кайрылган арыз берүүчү жак курамына туунду компания катары кирген холдинг компаниянын туунду компаниясы болууга тийиш. Мында, эгерде арыз ээси банктык иш жүргүзсө, Мамлекеттик кызмат Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугу менен жогоруда аталган талаптарды коюуга укуктуу.
2. Эгерде банктык эмес финансылык рынокто иш жүргүзүү укугуна липензия алууга берилген арыздын ээси банктык иш же банктык эмес финансылык рынокто иш жүргүзүүгө лицензиясы (лицензиялары) бар башка компаниянын же компаниялардын аффилирленген компаниясы болуп саналса, Мамлекеттик кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана учурларда арыз берүүчүдөн жана анын аффилирленген компанияларынан арызды кароо башталганга чейин финансылык кызматтарды көрсөтүүчү, анын ичинен бирөө холдинг компания боло турган компаниялар тобун түзүүнү талап кылууга укуктуу. Мында, эгерде арыз берүүчү банктык иш жүргүзсө же коммерциялык банктын аффилирленген жагы болсо, Мамлекеттик кызмат Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугу менен ушул пунктта көрсөтүлгөн талапты коюуга укуктуу.
3. Эгерде ушул берененин талаптарына ылайык компаниялар тобунун финансылык кызмат көрсөтүүчү холдинг компаниясы түзүлсө, мындай холдинг компанияны төмөнкүлөр көзөмөлдөөгө тийиш:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы - эгерде компания финансылык кызматтарды көрсөтүүчү тигил же бул компаниялар тобунун алкагындагы коммерциялык банк болсо;
- Мамлекеттик кызмат - башка бардык учурларда.
4. Мамлекеттик кызмат банктык эмес финансылык рынокто иш жүргүзүү үчүн лицензия алууга арыз берүүчүнүн документтерин кароодо холдинг компаниянын башкарылышын, уюштуруу документтерин, финансылык абалын жана холдинг компанияны жетектөөчү адамдардын ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарында кызмат адамдарына карата белгиленген талаптарга ылайык келишин ушул берененин алкагында көңүлгө ала алат.
9-берене. Жөнгө салынуучу субъекттерди текшерүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктар
1. Мамлекеттик кызмат төмөнкүдөй учурларда жөнгө салынуучу субъекттерди текшерүүнү жүргүзүүгө укуктуу:
- жөнгө салынуучу субъектинин Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жана аудитордук иш-аракетти жөнгө салуучу мыйзамдарынын талаптарын сакташын аныктоо максатында аталган жакты текшерүү жүргүзүлгөндө;
- жөнгө салынуучу субъект Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жана аудитордук иш-аракетти жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактабаганда жана/же бузганда.
2. Ушул беренеге ылайык, өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу максатында текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Мамлекеттик кызмат кызматкери мыйзамда белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
- текшерүү жүргүзүү үчүн жөнгө салынуучу субъекттин орун-жайына жумуш убагында кирүүгө;
- жөнгө салынуучу субъекттен жүргүзүлүүчү текшерүүгө тиешеси бар документтерди жана башка маалыматтарды талап кылууга;
- документтерди текшерүүгө, алардан үзүндү-көчүрмөлөрдү алууга, ошондой эле зарыл учурларда, жөнгө салынуучу субъекттен документтердин көчүрмөлөрүнүн жана үзүндү-көчүрмөлөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрүүнү талап кылууга;
- жөнгө салынуучу субъекттен текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон көмөк көрсөтүүнү талап кылууга.
3. Текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Мамлекеттик кызмат кызматкеринин текшерүү жүргүзүшүнүн алкагында, жөнгө салынуучу субъект төмөнкүлөргө милдеттүү:
- текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Мамлекеттик кызмат кызматкерине текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл документтердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоого;
- текшерүүчүнүн талабы боюнча зарыл материалдарды жана текшерилип жаткан маселелер боюнча маани-маңыздуу түшүндүрмөлөрдү берүүгө.
4. Текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Мамлекеттик кызмат кызматкери өзүнүн ыйгарым укуктарын натыйжалуу ишке ашыруу максатында текшерүү жүргүзүү учурунда укук сактоо органдарына жардам үчүн кайрылууга жана/же аудиторлорду кошо алганда тиешелүү эксперттерди тартууга укуктуу.
5. Мамлекеттик кызмат текшерүүнү жүргүзүп жаткан жөнгө салынуучу субъект текшерүүнүн бүткүл жүрүшүндө өзүнө юридикалык жардам көрсөтүү үчүн өз эсебинен мыйзамдуу өкүлдү жана/же адвокатты тартууга укуктуу.
6. Текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Мамлекеттик кызмат кызматкери текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча акт даярдоого милдеттүү. Зарыл учурда аны Мамлекеттик кызматтын Аткаруучу-кеңешинин кароосуна берет.
10-берене. Жөнгө салынуучу субъекттерге карата Мамлекеттик кызматтын ыйгарым укуктары
1. Мамлекеттик кызмат Кыргыз Республикасынын финансылык рыногунда контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын ишке ашыруунун алкагында төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Мамлекеттик кызмат тарабынан лицензиясы же башка уруксат документи токтото турулган же кайра алынып коюлган катышуучуну төмөнкүлөргө милдеттендирүүгө:
- лицензиясынын же башка уруксат документтеринин токтото турулгандыгы, чакыртылып алынгандыгы жөнүндө кардарларга кабарлоого;
- кесипкөй катышуучунун башкаруусунда турган жана кардарларга таандык акчаны жана/же башка мүлктү кардарларга кайтарып берүүгө;
- кардарлардын учурдагы тапшырмаларын же операцияларын аткарууга же жоюуга же кардарлардын учурдагы тапшырмаларын же операцияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же кардар менен болгон макулдашууда белгиленген учурларда жана тартипте башка кесипкөй катышуучунун аткарышына өткөрүп берүүгө;
б) коомдук кызыкчылыктарды камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык кесипкөй катышуучуну банкрот деп таануу жөнүндө талап менен сотко кайрылууга.
2. Мамлекеттик кызмат баалуу кагаздарды чыгарууну жана жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча өз акцияларын ишке ашыруунун алкагында төмөнкүлөргө укуктуу:
а) эмитент же баалуу кагаздарды жарыя сунуштоочу жак же көрсөтүлгөн жактардын башкаруучу адамдары ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын жоболорун бузган учурда баалуу кагаздарды жарыя каттоого алууну мындай сунуштоонун жыйынтыгын болду деп табууга чейин жокко чыгарууга;
б) эмитенттен же баалуу кагаздарды жарыя сунуштоочу жактан проспектке өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүнү же каттоо үчүн кеңири жаңы маалыматтарды камтуу менен проспектини жаңысына төмөнкүдөй учурларда алмаштырууну талап кылууга:
- проспектте ачылып көрсөтүлүүгө тийиш болгон жаңы олуттуу маалыматтар болгондо;
- проспектте жалган же чаташууларга алып келүүчү маалыматтар айкындалганда же эгерде проспектте маалыматты ачып берүү үчүн олуттуу өксүктөр болсо;
в) эгерде жарыя сунуштоо жокко чыгарылса же болбосо эмитент же баалуу кагаздарды жарыя сунуштоочу жак ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарына ылайык проспектке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбесе же аны кеңири жаңы маалыматтарды камтуу менен жаңысына алмаштырбаса, эмитенттен же баалуу кагаздарды жарыя сунуштоочу жактан инвесторго каражаттарды кайтарып берүүнү талап кылууга;
г) баалуу кагаздардын эмитенти жоюлгандыгынын натыйжасында мындай баалуу кагаздарды чыгарууну жана/же жарыя сунуштоону жокко чыгарууга;
д) баалуу кагаздар боюнча бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жасалганда аларды жараксыз деп табуу жөнүндө доо менен сот органдарына кайрылууга.
11-берене. Мамлекеттик кызматтын уюмдашуу структурасы
1. Мамлекеттик кызматтын уюмдашуу структурасы төмөнкүлөрдөн турат:
- Аткаруучу кеңеш;
- Мамлекеттик кызматтын борбордук аппараты;
- Мамлекеттик кызматтын аймактык бөлүмдөрү.
Ушул Мыйзамга ылайык, Мамлекеттик кызматтын алдында Талаштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссия иш жүргүзөт.
2. Мамлекеттик кызматтын Аткаруучу кеңеши төмөнкүлөр кошо алынганда жети мүчөдөн турат:
- Мамлекеттик кызматтын төрагасы - Аткаруучу кеңештин төрагасы;
- Мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары - Аткаруучу кеңештин төрагасынын орун басары;
- Аткаруучу кеңештин аткаруучулук ыйгарым укуктарга ээ болбогон эки мүчөсүн кошо алганда Аткаруучу кеңештин беш мүчөсү.
12-берене. Аткаруучу кеңештин статусу жана ыйгарым укуктары
1. Аткаруучу кеңеш коллегиялык орган болуп саналат, ал Мамлекеттик кызматтын банктык эмес финансылык рынокту өнүктүрүү, бухгалтердик эсеп жана аудит жагындагы стратегиясын жана саясатын аныктайт жана Мамлекеттик кызматка ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жүктөлгөн функциялардын жана ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдойт.
2. Аткаруучу кеңешинин компетенциясына төмөнкүдөй маселелерди чечүү кирет:
- Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рынокту өнүктүрүү, бухгалтердик эсеп жана аудит жагында Мамлекеттик кызматтын стратегиясын жана саясатын бекитүү;
- Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуу, бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш-аракет жагында Мамлекеттик кызматтын иш-аракетин координациялоо;
- Мамлекеттик кызматтын алдындагы Эксперттик кеңешти түзүү жана жоюу жөнүндө чечим кабыл алуу, ошондой эле Эксперттик кеңештин иш-аракетин жөнгө салуучу жобону бекитүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын иш-аракетине уруксатты берүү, аны токтото туруу же чакырып алуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- жарыя компаниялардын, банктык эмес финансылык рыноктун кесипкөй катышуучуларынын иш-аракетин жана Мамлекеттик кызмат тарабынан жөнгө салынуучу башка иш-аракетти жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
- бухгалтердик эсептин жана аудиттин стандарттарын колдонуу методдорун кошо алганда Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитти жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды бекитүү;
- Мамлекеттик кызматтын жөнгө салуучу айрым функцияларын анын аймактык бөлүмдөрүнө өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
- баалуу кагаздарды жарыя сунуштоонун шарттарын жана проспектти каттоо жөнүндө жана Мамлекеттик кызматтын баалуу кагаздарды жарыя сунуштоону жүргүзүүгө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды ишке ашырууну камсыздоо боюнча ыйгарым укуктарын колдонуу тууралу чечим кабыл алуу;
- жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан укук бузуулар аныкталса жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай жактарга карата таасир кылуу чараларын көрүү жана/же жөнгө салынуучу субъекттердин иш-аракетин текшерүүнүн жыйынтыктарын укук сактоо органдарына жиберүү талап кылынса, жөнгө салынуучу субъекттердин иш-аракетин текшерүүнүн жыйынтыктарын кароо же болбосо аталган жактарга карата тийиштүү таасир кылуу чараларын көрүү максатында сот органдарына доо менен кайрылуу.
Аткаруучу кеңеш ушул Мыйзамда жана Мамлекеттик кызматтын нормативдик укуктук актыларында белгиленген учурларда жана тартипте Мамлекеттик кызматтын иш-аракетинин башка маселелери боюнча чечим кабыл алууга укуктуу.
13-берене. Аткаруучу кеңештин жыйналыштары
1. Аткаруучу кеңештин жыйналыштары Мамлекеттик кызматтын функциялары менен ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздоо максатында, зарылдыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Аткаруучу кеңештин жыйналышын Аткаруучу кеңештин төрагасы алып барат, ал жок учурда бул функцияларды анын орун басары жүзөгө ашырат.
2. Аткаруучу кеңештин төрагасы ар кандай мезгилде өзүнүн демилгеси боюнча Аткаруучу кеңештин кезексиз жыйналышын чакыра алат жана Аткаруучу кеңештин башка үч мүчөсү кол койгон жазуу жүзүндөгү суроо-талапты алганда кезексиз жыйналыш чакырууга милдеттүү.
3. Аткаруучу кеңеш кворум болсо, чечим кабыл алууга укуктуу. Аткаруучу кеңештин жыйналышынын кворуму анын беш мүчөсүнөн турат, алардын бири Аткаруучу кеңештин төрагасы же анын орун басары болууга тийиш.
4. Аткаруучу кеңеш тигил же бул маселелерди талкуулоодо өзүнүн жыйналышында ар кандай башка адамдарды чакырууга укуктуу. Бул учурда мындай адамдар Аткаруучу кеңештин жыйналышында добуш берүү укугуна ээ болбойт.
5. Аткаруучу кеңеш жыйналышка катышкан мүчөлөрдүн санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
6. Аткаруучу кеңештин жыйналышында добуштар тең болуп калган учурда Аткаруучу кеңештин жыйналышына төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат.
14-берене. Мамлекеттик кызматтын төрагасын, төраганын орун басарын жана Мамлекеттик кызматтын Аткаруучу кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо
1. Мамлекеттик кызматтын төрагасы кызматка беш жылдык мөөнөт менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин демилгеси же сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана бошотулат.
Мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары жана башка Аткаруу кеңешинин мүчөлөрү, аткаруучулук ыйгарым укуктарга ээ болбогон Аткаруу кеңешинин мүчөлөрүн кошкондо кызматка беш жылдык мөөнөт менен Мамлекеттик кызматтын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматтан бошотулат.
2. Мамлекеттик кызматтын төрагасы жана төраганын орун басары, ошондой эле Аткаруу кеңешинин башка мүчөлөрү экономикалык, финансылык маселелер боюнча жана мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөл, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит, банктык эмес финансылык кызмат көрсөтүү жана укук жагынан кесиптик тажрыйбасы бар адамдар болушу керек.
Ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салынуучу субъект болгон юридикалык жактын кызмат адамы же кызматкери, аффилирленген жагы, акцияларынын (үлүштөрүнүн) 1 процентинен ашыгына ээ болгон адам аткаруучулук ыйгарым укуктарга ээ болбогон Аткаруу кеңешинин мүчөсү боло албайт.
15-берене. Мамлекеттик кызматтын төрагасын жана төраганын орун басарын, Мамлекеттик кызматтын Аткаруучу кеңешинин башка мүчөлөрүн кызматынан өз каалоосу боюнча кетирүү жана кызматтан бошотуу
1. Мамлекеттик кызматтын төрагасы, төраганын орун басары жана Аткаруу кеңешинин башка мүчөлөрү иштен өз каалоосу боюнча бошонушу мүмкүн. Өз каалоосу боюнча иштен бошогондо Мамлекеттик кызматтын төрагасы болжолдонгон бошонуу күнүнө чейин бир ай мурда аларды кызматтан бошотуп коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине, ал эми төраганын орун басары жана Аткаруу кеңешинин башка мүчөлөрү, аткаруучулук ыйгарым укуктарга ээ болбогон Аткаруу кеңешинин мүчөлөрүм кошкондо болжолдонгон бошонуу күнүнө чейин бир ай мурда аларды кызматтан бошотуп коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине арыз берүүгө тийиш.
2. Мамлекеттик кызматтын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан, ал эми төраганын орун басары жана Аткаруу кеңешинин башка мүчөлөрү, аткаруучулук ыйгарым укуктарга ээ болбогон Аткаруу кеңешинин мүчөлөрүн кошкондо Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан төмөнкүдөй учурларда кызматтан бошотулат:
- ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндө;
- ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды туура эмес аткарганда;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүндө белгиленген кылмыштык жаза берүүчү жосундарды жасаганда;
- мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусу менен тастыкталып кызматтык милдеттерди аткарууга мүмкүн болбогондо;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыраганда жана/же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
16-берене. Мамлекеттик кызматтын статс-катчысы
Статс-катчы Мамлекеттик кызматта жогорку администрациялык мамлекеттик кызматты ээлеген мамлекеттик кызматчы болуп саналат.
Статс-катчынын кызматы укуктук статусу боюнча Мамлекеттик кызматтын төрагасынын биринчи орун басарынын кызматына теңдештирилет.
Статс-катчыны дайындоонун жана бошотуунун тартиби, ошондой эле статс-катчынын иштөөсүнүн башка маселелери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.
17-берене. Бош кызмат орундарын ээлөө
Исключено
18-берене. Мамлекеттик кызматтын төрагасынын, төраганын орун басарынын жана Мамлекеттик кызматтын Аткаруучу кеңешинин башка мүчөлөрүнүн жеке кызыкчылыктарын ачыкка чыгаруусу
1. Кызматка дайындалган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде Мамлекеттик кызматтын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары жана Аткаруучу кеңештин башка мүчөлөрү Кыргыз Республикасында же анын чегинен сырткары ишкердик иш-аракетте, Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары чыгарылган баалуу кагаздарда камтылган, кызматтык милдеттеринин жана жеке кызыкчылыктарынын ортосундагы таламдардын кагылышуусуна алып келиши мүмкүн болгон жеке кызыкчылыктары тууралуу Аткаруучу кеңешке жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү.
2. Мамлекеттик кызматтын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары жана Аткаруучу кеңештин башка мүчөлөрү ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жеке кызыкчылыктарынын пайда болушуна же токтотулушуна жараша бул тууралуу Аткаруучу кеңешке дароо маалымдоого милдеттүү.
3. Эгерде Аткаруучу кеңештин жыйналышына катышкан Аткаруучу кеңештин мүчөсү Аткаруучу кеңеш кароочу маселелерге карата тикелей же кыйыр түрдө жеке кызыкчылыгы бар болсо, ал бул тууралуу Аткаруучу кеңешке билдирүүгө милдеттүү жана мындай маселелер боюнча чечимдерди кароого жана/же кабыл алууга катышпоого тийиш.
4. Эгерде каралуучу маселенин предмети Мамлекеттик кызматтын төрагасынын, статс-катчынын, төраганын орун басарынын, Аткаруучу кеңештин мүчөсүнүн жакын тууганына же аффилирленген жагына Мамлекеттик кызматтын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары, Аткаруучу кеңештин мүчөсү же алардын жакын туугандары акциялардын (үлүштөрдүн) ири пакетинин ээси болуп саналган юридикалык жакка байланыштуу болуп саналса, Мамлекеттик кызматтын-төрагасынын, статс-катчынын, төраганын орун басарынын жана Аткаруучу кеңештин башка мүчөлөрүнүн жеке кызыкчылыгы бар деп табылат.
19-берене. Мамлекеттик кызматтын төрагасынын, төраганын орун басарынын жана Мамлекеттик кызматтын Аткаруу кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары
1. Мамлекеттик кызматтын төрагасы Мамлекеттик кызматка башчылык кылат жана Мамлекеттик кызматтын демейдеги башкаруу иштери үчүн жооп берет.
2. Мамлекеттик кызматтын төрагасы:
- Мамлекеттик кызматты күтүүгө каралган бюджет каражаттарын башкы тескөөчүнүн жана алуучунун функцияларын жана ага жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашырат;
- Мамлекеттик кызматтын иш-аракетин жетектейт;
- Мамлекеттик кызматтын атынан расмий документтерге кол коет;
- Мамлекеттик кызматтын атынан буйрук-каттарды жиберет;
- Мамлекеттик кызматтын жана Аткаруучу кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
- Мамлекеттик кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандык үчүн санкцияларды салуу жөнүндө чечим кабыл алат;
- Мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басарына жана Аткаруучу кеңешинин мүчөлөрүнө өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон функциялардын жана милдеттердин тизмегин бекитет;
- Мамлекеттик кызматтын түзүмүн жана Мамлекеттик кызматтын борбордук аппаратынын кызмат орундарынын тизмесин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин бекитүүсүнө киргизет;
- белгиленген сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чектеринде Мамлекеттик кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн штаттык тизмесин бекитет;
- Эксперттик кеңештин жана бөлөк консультациялык кеңештердин персоналдык курамын бекитет;
- Мамлекеттик кызматтын борбордук аппаратынын структуралык бөлүмдөрү жана аймактык бөлүмдөрү жөнүндөгү жоболорду бекитет;
- Мамлекеттик кызматтын борбордук аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Мамлекеттик кызматтын атынан ишеним кат берет;
- Аткаруучу кеңештин жактыруусу менен Мамлекеттик кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындайт жана андан бошотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сый көрсөтүү жана тартипке чакыруу чараларын колдонот;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Мамлекеттик кызматтын төрагасынын компетенциясына кирген маселелер, ошондой эле Мамлекеттик кызматтын ички уюштуруу иштеринин маселелери боюнча буйруктарды чыгарат;
- Мамлекеттик кызматтын мүлкүн жана каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескейт;
- тиешелүү структуралык бөлүмдөрдүн жана Аткаруучу кеңештин кураторлук кылуучу мүчөсүнүн сунушу боюнча аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жана кайра алып коюу (андан ажыратуу) жөнүндө чечим кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тиешелүү структуралык бөлүмдөрдүн жана Аткаруучу кеңештин куратордук кылуучу мүчөсүнүн сунушу боюнча банктык эмес финансылык рынокто иш жүргүзүү жана аудитордук иш-аракет укугуна, анын ичинде өзүн өзү жөнгө салуучу уюм катары чыккандарга лицензияларды жана башка уруксат документтерди берүү, токтото туруу, калыбына келтирүү жана кайра алып коюу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, аудитордук иш-аракетти жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын жоболорун бузгандыгы үчүн жарыя компанияларга, банктык эмес финансылык рыноктун кесипкөй катышуучуларына жана алардын кызмат адамдарына айыптарды кошо алганда администрациялык тартипке чакыруу жазаларын салат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды ишке ашырат.
3. Мамлекеттик кызматтын төрагасы анын жетекчиси катары өз функцияларын ишке ашырууга байланышкан маселелер боюнча жеке өзү чечим кабыл алууга жана милдеттерди Аткаруучу кеңештин башка мүчөлөрүнө жана Мамлекеттик кызматтын кызматкерлерине бөлүштүрүп берүүгө укуктуу.
4. Мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары:
- Мамлекеттик кызматтын төрагасы жок учурда белгиленген тартипте анын ордуна иштейт;
- өзүнүн милдетине кирген маселелер боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана/же төраганын чечимине ылайык Мамлекеттик кызматтын структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине көрсөтмөлөрдү берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды ишке ашырат.
5. Мамлекеттик кызматтын Аткаруучу кеңешинин мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же Мамлекеттик кызматтын төрагасынын чечимдеринде аныкталган ыйгарым укуктардын чектеринде Мамлекеттик кызматтын структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине көрсөтмөлөрдү берет;
- Аткаруучу кеңешке жазуу же оозеки түрүндө өзүнүн өзгөчө пикирин же кошумча материалдарды киргизет, алар Аткаруучу кеңеш кароочу маселелер боюнча Аткаруучу кеңештин жыйналышынын протоколуна милдеттүү түрдө киргизилүүгө тийиш;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Аткаруучу кеңештин чечимдерине ылайык, Кыргыз Республикасындагы банктык эмес финансылык рынок, аудит, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук системасы боюнча Мамлекеттик кызматтын иш-аракет секторлорунун ишин башкарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Мамлекеттик кызматтын төрагасынын чечимдерине ылайык Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рынокту, баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү, бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча саясатты жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды ишке ашырат.
20-берене. Мамлекеттик кызматтын кызматкерлери
1. Ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Мамлекеттик кызмат өзүнүн функцияларын, ыйгарым укуктарын жана милдеттерин аткаруу үчүн туруктуу, ошондой эле убактылуу негизде, зарылдыгына жараша кызматкерлерди жумушка алууга укуктуу.
2. Эмгек акынын өлчөмүн кошо алганда кызматкерлерди ишке жалдоо мөөнөттөрү жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик кызмат тарабынан белгиленет. Мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин эмгек акысы Кыргыз Республикасынын министрликтеринин деңгээлинде болот.
3. Мамлекеттик кызмат өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу максатында сый акы төлөө менен көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга укуктуу.
21-берене. Мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин ачыкка чыгарууга тийиш болгон жеке кызыкчылыктары
1. Мамлекеттик кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасында же анын чегинен сырткары ишкердик иш-аракетте, Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары чыгарылган баалуу кагаздарда камтылган, кызматтык милдеттеринин жана жеке кызыкчылыктарынын ортосундагы таламдардын кагылышуусуна алып келиши мүмкүн болгон жеке кызыкчылыктарын ачыкка чыгаруусу керек. Мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин жеке кызыкчылыктары тууралу маалыматтарды ачыкка чыгаруунун тартиби жана мөөнөтү боюнча талаптар Мамлекеттик кызматтын төрагасынын чечими менен белгиленет.
2. Мамлекеттик кызматтын кызматкерлери алардын жеке кызыкчылыгы бар маселелерди кароого катышууга жана/же корутунду берүүгө тийиш эмес.
22-берене. Мамлекеттик кызматтын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары, Аткаруучу кеңештин мүчөлөрү жана Мамлекеттик кызматтын кызматкерлери тарабынан купуялыкты сактоо
1, Мамлекеттик кызматтын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары, Аткаруучу кеңештин башка мүчөлөрү жана Мамлекеттик кызматтын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө билген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпыга чыгарууга болбой турган маалыматтардын купуялуулугун сактоого милдеттүү. Мамлекеттик кызматтын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары, Аткаруучу кеңештин башка мүчөлөрү жана Мамлекеттик кызматтын кызматкерлери ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Мамлекеттик кызматтын функциялары менен ыйгарым укуктарын аткаруу максатында аталган маалыматты берүүгө укуктуу.
2. Мамлекеттик кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте өзүнүн чечими менен купуя маалыматтарды төмөнкүлөргө ачып берүүгө укуктуу:
- мамлекеттик органдарга;
- Мамлекеттик кызмат менен купуя маалыматтарды берүү жөнүндө тийиштүү макулдашуу түзгөн, финансылык рынокту жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү ишке ашырган чет өлкөлүк мамлекеттик органга;
- сот органдарына, прокуратура органдарына, укук сактоо органдарына - алардын өндүрүшүндө турган жазыктык жана жарандык иштер боюнча.
23-берене. Каржылоо
1. Мамлекеттик кызматтын иш-аракетин финансылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашырылат:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте Мамлекеттик кызмат тарабынан алынуучу жыйымдардын жана төлөмдөрдүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, гранттардын, эл аралык жана башка уюмдардын жардамдарынын, уюмдардын жана жеке адамдардын ыктыярдуу салымдарынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка финансылоо булактарынын.
2. Өнүктүрүүгө, материалдык сый көрсөтүүгө, дем берүүгө жана социалдык колдоого каражаттарды сарптоо Аткаруучу кеңеш бекиткен атайын сметалардын негизинде жүргүзүлөт.
24-берене. Отчеттуулук жана аудит
1. Мамлекеттик кызмат финансылык отчеттуулукту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
2. Мамлекеттик кызматтын финансылык отчеттуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте текшерилүүгө жатат.
25-берене. Мамлекеттнк кызматтын жылдык отчету
Мамлекеттик кызмат жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-апрелинен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өз ишмердиги жөнүндө отчет берип турат.
26-берене. Мамлекеттик кызматтын жана жөнгө салынуучу субъекттердин ортосундагы талаштарды сотко чейинки
жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу орган
Мамлекеттик кызматтын жөнгө салынуучу субъекттерге карата кабыл алган чечимдерин сотко чейин кайра кароо максатында ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик кызматтын алдында талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча Комиссия иш жүргүзөт.
27-берене. Талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын курамы
1. Талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссия анын төрагасын кошуп алганда беш мүчөдөн турат, аларды Мамлекеттик кызматтын Аткаруучу кеңешинин сунушу боюнча Мамлекеттик кызматтын төрагасы дайындайт. Талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын үч мүчөсү Мамлекеттик кызматтын Аткаруучу кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат, Талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын калган мүчөлөрү экономикалык, финансылык маселелер жана/же финансылык рыноктогу мамлекеттик жөнгө салуу, укук, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит маселелери боюнча кесипкөйлүк тажрыйбасы бар адамдар болууга тийиш. Мында алар талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын мүчөсү болуп дайындалган учурда жана анын милдеттерин аткаруу мезгилинде Мамлекеттик кызматтын Аткаруучу кеңешинин мүчөлөрүнүн, Мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин кызматтарында болбоосу керек, ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салынуучу субъект болуп саналган юридикалык жактардын кызмат адамдары, алардын 1 пайыз жана андан көп акцияларынын (үлүштөрүнүн) ээлик кылгандар болбоого тийиш.
2. Талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү бир жылга дайындалат жана кайра дайындалышы мүмкүн, бирок үч жолудан ашык эмес.
3. Талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү Мамлекеттик кызматтын төрагасы тарабынан төмөнкүдөй учурларда кызматынан бошотулат:
- ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндө;
- өз каалоосу боюнча;
- милдеттерин аткарууга мүмкүн эместик мамлекеттик медициналык комиссиянын чечиминин негизинде тастыкталганда;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүндө белгиленген жазыктык жактан жазалануучу аракеттерди жасаганда;
- өз милдеттерин калыс аткарууга жарамдуулуугуна шек келтиргендей түрдө кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыкканда.
28-берене. Талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын ыйгарым укуктары
1. Талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссия Мамлекеттик кызматтын төмөнкүлөр боюнча чечимдерин кайра кароо жөнүндө жөнгө салынуучу субъекттердин арыздарын кайра кароо жана чечим кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рыноктогу иш-аракетти, аудитордук иш-аракетти жүргүзүүгө кесипкөй катышуучуга лицензия же башка уруксат документтерин берүүдөн баш тартуу;
- ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдардын иш-аракетине уруксат берүүдөн баш тартуу;
- ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиялык иш-аракеттин же кесипкөй катышуучулардын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдары катары иш-аракетинин чектеринде шарттарды жана/же талаптарды сактоону камсыздоого жөнгө салынуучу субъектиге буйрук-кат берүү;
- ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рыноктогу иш-аракетти жана аудитордук иш-аракетти жүргүзүүгө лицензияны же өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдун иш-аракетине уруксатты токтото туруу же кайра алып коюу;
- жөнгө салынуучу субъект болуп саналган юридикалык жактын жетекчисинин өз ыйгарым укуктарын аткаруусун токтото туруу же аны кызматынан четтетүү;
- ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик кызматтын башка ыйгарым укуктарын ишке ашыруу.
2. Талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- Талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссия чечим кабыл алганга чейин Мамлекеттик кызматтын чечимдеринин аткарылышын токтото турууга;
- жөнгө салынуучу субъектинин каралуучу арызына жана Мамлекеттик кызмат кабыл алган чечимге тиешеси бар документтерди жана материалдарды кароого;
- документтерди жана материалдарды алууга, кароого, кызыкдар тараптардын өтүнүчтөрүн жана арыздарын угууга;
- Талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын жыйналышына Талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын кароосу жана кабыл алуусу үчүн мааниси бар маалыматтар жана жагдайлар белгилүү болгон адамдарды Талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын регламентинде белгиленген тартипте чакырууга.
3. Талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссия жөнгө салынуучу субъекттин арызын кароого жана кабыл алынган чечим жөнүндө, кароо мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз ээси өтүнүч кылбаган учурларды кошпогондо, арыз келип түшкөндөн 30 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө кабарлоого милдеттүү.
4. Мамлекеттик кызматтын чечимин кайра кароо жөнүндө жөнгө салынуучу субъекттин арызы каралгандан кийин Талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- Мамлекеттик кызматтын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде кандайдыр бир аракет көрүүсүнүн зарылдыгына алып келүүчү чечим кабыл алууга;
- Мамлекеттик кызматтын чечимин кайра кароо жөнүндө жөнгө салынуучу субъекттин арызын канааттандыруудан баш тартууга.
5. Талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссия өз иш-аракетин Мамлекеттик кызматтын Аткаруучу кеңеши бекиткен регламентке ылайык ишке ашырат.
29-берене. Мамлекеттик кызматтын чечимдерин кайра кароого жөнгө салынуучу субъекттин арызы
1. Жөнгө салынуучу субъект Мамлекеттик кызматтын чечимдерин кайра кароо жөнүндө арызды Талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссияга анын регламентинде белгиленген тартипте, жөнгө салынуучу субъектиге карата Мамлекеттик кызмат чечим кабыл алган күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен берет.
2. Талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссия жөнгө салынуучу субъектте белгиленген мөөнөттө чечимди кайра кароо жөнүндө арыз берүүгө мүмкүн эместиктин жүйөлүү себептери болгондугу жөнүндө көрсөтүлгөн жак далилдерин берген учурда Мамлекеттик кызматтын чечимин кайра кароо жөнүндө арыз берүү мөөнөтүн 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө узартууга укуктуу. Мамлекеттик кызматтын чечимдерин кайра кароо жөнүндө арыз берүү мөөнөтүн узартуу үчүн негиздердин тизмеги Талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын регламентинде белгиленет.
30-берене. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Жактар ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жоопкерчилик тартат.
31-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|