Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 23-июну №398
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары демилге кылган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
ремьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-июнундагы №398 токтому мененжактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары демилге кылган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй эскертүүлөрдү жана сунуштарды берет.
Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., N 9, 440-б.), "Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., N 5, 474-б.), "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-ж., N 11, 678-б.), "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 6-февралындагы N 9) өздөштүрүлгөн же өздөштүрүлүүгө тийиш болгон аз түшүмдүү жайыттарды айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү максатында менчикке же ижарага берүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү карайт.
Мыйзам долбоорунун 1-беренеси боюнча:
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-пунктун төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толуктоону сунуш кылабыз:
"төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына ыйгарым укуктуу орган тарабынан кайтарымсыз түрдө менчикке берилген аз түшүмдүү айыл чарба жерлери жерлердин башка категорияларына которулбайт.".
Мыйзам долбоорунда райондордун мамлекеттик администрацияларына жана жайыт жерлерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга жайыттарды башкаруунун тууралыгын жана натыйжалуулугун контролдоо боюнча ыйгарым укук берүү каралган (мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-пункту жана 4-беренесинин 5-пункту).
Бирин бири кайталоочулукту жоюу максатында бул ыйгарым укуктарды бир мамлекеттик органга бекитип берүүнү сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 2-беренеси боюнча:
Аз түшүмдүү жайыттарды ижарага берүүнүн тартибин аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына киргендигине байланыштуу мыйзам долбоорунун 2-беренесин алып салуу зарыл деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорунун 4-беренеси боюнча:
Мыйзам долбоорунда "аз түшүмдүү жайыттар" деген түшүнүктүн колдонулгандыгын (1-берене) эске алып, мыйзам долбоорунун 4-беренесин төмөнкүдөй мазмундагы 1-пункт менен толуктоону сунуш кылабыз:
"1. 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Аз түшүмдүү жайыттар - бонитеттин төмөнкү баллындагы, суу жана шамал эрозияларынын айынан бузулууга дуушар болгон, такыр жана таштак, саздуу, отоо жана уулуу чөп баскан, бадалдуу айыл чарба жерлери.".
Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 3-пунктун алып салууну сунуш кылабыз, себеби ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине карама-каршы келет.
Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 4-пунктун төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуш кылабыз:
"4. 6-берененин 6-пунктундагы "жана жайыт жерлерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынын иштелип чыгат" деген сөздөр "ошондой эле аз түшүмдүү жайыттарды берүүнүн тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.".
Мыйзам долбоорун төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толуктоону сунуш кылабыз:
"6. 15-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"15-берене. Аз түшүмдүү жайыттарды менчикке же ижарага берүү
Мамлекеттик менчикте турган аз түшүмдүү жайыттар Кыргыз Республикасынын жарандарына ижарага жана менчикке берилиши мүмкүн. Ижарага жана менчикке берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".