Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 23-июну №402
"Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору (Грант № Н-358-КС) боюнча каржылоо жөнүндө" 2008-жылдын 30-апрелиндеги макулдашууда каралган Төлөөлөрдүн пайыздык үлүшүн өзгөртүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2009-жылдын 11-июнунда кол коюлган макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндо" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОМТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору (Грант № Н-358-КG) боюнча каржылоо жөнүндө" 2008-жылдын 30-апрелиндеги макулдашууда каралган Төлөөлөрдүн пайыздык үлүшүн өзгөртүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2009-жылдын 11-июнунда кол коюлган макулдашуу-катnы ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри жана Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору (Грант № Н-358-КG) боюнча каржылоо жөнүндө" 2008-жылдын 30-апрелиндеги макулдашууда каралган Төлөөлөрдүн пайыздык үлүшүн өзгөртүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2009-жылдын 11-июнунда кол коюлган макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктурүү ассоциациясынын ортосундагы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору (Грант № Н-358-КG) боюнча каржылоо жөнүндө" 2008-жылдын 30-апрелиндеги макулдашууда каралган Төлөөлөрдүн пайыздык үлүшүн өзгөртүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2009-жылдын 11-июнунда кол коюлган макулдашуу-кат ратификациялансын.
2-берене.
Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|