Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 24-июну № 405
"Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын дары-дармектик коопсуздугун чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- аталган токтомго тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
13 | "Рharmaco Group" ЖАК | Дары-дармек препараттары |
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | И. Чудинов |