Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-июну №406
"UZGEN COAL LIMITED" ("УЗГЕН КОУЛ ЛИМИТЕД") жоопкерчилиги чектелген коомуна жер берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6, 384-беренелерине, 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 5, 8 жана 20-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Ош облусундагы Өзгөн районунун аймагында жайгашкан 36,0 га жайытты "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жана аталган жерди "UZGEN COAL LIMITED" ("УЗГЕН КОУЛ ЛИМИТЕД") жоопкерчилиги чектелген коомуна ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын, анын ичинде:
- лицензиянын колдонулуу мөөнөтүнө "Муз-Булак" участогунда "Кара-Дөбө" таш көмүр кенин иштетүү үчүн 15,0 га;
- 2 жылдык мөөнөткө жалпы пайдалануудагы жолду кеңейтүү үчүн 1,0 га;
- 10 жылдык мөөнөткө көмүр сактоо үчүн жеңилдетилген типтеги кампаларды куруу үчүн 20,0 га.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун жана алар "UZGEN COAL LIMITED" ("УЗГЕН КОУЛ ЛИМИТЕД") жоопкерчилиги чектелген коомуна ижара шарттарында убактылуу пайдаланууга берилсин:
- лицензиянын колдонуу мөөнөтүнө "Муз-Булак" участогунда "Кара-Дөбө" таш көмүр кенин иштетүү үчүн - 15,0 га;
- 2 жылдык мөөнөткө жалпы пайдалануудагы жолду кеңейтүү үчүн - 1,0 га;
- 10 жылдык мөөнөткө көмүр сактоо үчүн жеңилдетилген типтеги кампаларды куруу үчүн - 20,0 га.
3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
"Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы №66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарбалык муктаждыктар үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын суммасынын төлөнүшүн;
"UZGEN COAL LIMITED" ("УЗГЕН КОУЛ ЛИМИТЕД") жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районундагы Саламалик айыл өкмөтү менен ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторго ижара келишимин түзүүнү;
- "UZGEN COAL LIMITED" ("УЗГЕН КОУЛ ЛИМИТЕД") жоопкерчилиги чектелген коомуна колдонуудагы нормаларга жана эрежелерге ылайык тиешелүү долбоордук документтерди белгиленген тартипте иштеп чыгуу, макулдашуу жана аларга экспертиза жүргүзүү сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |