Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 26-июну №412
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 3, 126-6.) төменкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Бул Мыйзамдын 9-беренесинде аталган лицензиялардын түрлөрүн берүүнү жүргүзүү боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жергиликтүү өз алдынча багпкаруу органдарына өткөрүлүшү (берилиши) мүмкүн.".
2-берене.
"Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., №12, . 498-6.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Автомобилдик транспорт менен жүргүнчүлердү жана жүктөрдү ташууларды жүргүзүү укугуна лицензия берүү боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүшү (берилиши) мүмкүн.".
2. 18-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Транспорттун ишин контролдоо боюнча ыйгарьш укуктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткерүлүшү (берилиши) мүмкүн.".
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|