КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 27-июну №417
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Орок айыл округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Орок айыл округунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарына жеке менчик укугунда таандык 28,805 га сугат айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын:
- Капаров Нуралыга - 7,1 га;
- Капаров Талантбек Арналиевичке - 5,17 га;
- Калчаев Кубанычбек Капаровичке - 5,3 га;
- Жунусова Гүлнара Имангазиевнага - 11,235 га.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- колдонуудагы нормаларга жана эрежелерге ылайык которулуучу жер участкалары үчүн үй куруу долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылсын жана белгиленген тартипте аны макулдашсын жана бекитсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |