Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 5-июнундагы № 398
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-июлу № 425
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы
№ 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы
зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо
көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу
"Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналардын шарттарында жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы №377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун төртүнчү абзацындагы "эмгек акыга" деген сөздөр "кызматтык маяналарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3 жана 8-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 4-пункттагы "Өкмөтүнө караштуу" деген сөздөр алып салынсын;
- 4, 6 жана 7-пункттардагы "социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункттагы "жана байланыш" деген сөздөр "жана коммуникациялар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- аталган токтомдун № 1 тиркемесинде:
"Нарын облусу" бөлүмүндө:
- "Ат-Башы району" бөлүмчөсүнүн "райондук коэффициент" графасында:
1, 19, 21, 26 жана 31-пункттардагы "1,75" цифралары "1,80" цифралары менен алмаштырылсын;
8, 11, 16 жана 34-пункттардагы "1,50" цифралары "1,60" цифралары менен алмаштырылсын;
14-пункттагы "1,65" цифралары "1,80" цифралары менен алмаштырылсын;
- "Ак-Талаа району" бөлүмчөсүндө:
11 жана 17-пункттарынын "райондук коэффициент" графасындагы "1,55" цифралары "1,70" цифралары менен алмаштырылсын;
18-пункттун "Калктуу конуштун аталышы" графасындагы "Осоавиахим" деген сөз "Чолок-Кайың" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Жумгал району" бөлүмчөсүнүн 11-пунктунун "райондук коэффициент" графасындагы "1,50" цифралары "1,70" цифралары менен алмаштырылсын;
- "Кочкор району" бөлүмчөсүнүн 5-пунктунун "райондук коэффициент" графасындагы "1,50" цифралары "1,60" цифралары менен алмаштырылсын;
- "Нарын району" бөлүмчөсүнүн "райондук коэффициент" графасында:
10-пункттагы "1,55" цифралары "1,70" цифралары менен алмаштырылсын;
18, 21 жана 34-пункттардагы "1,50" цифралары "1,60" цифралары менен алмаштырылсын;
"Ош облусу" бөлүмүндө:
- "Алай району" бөлүмчөсүнүн "райондук коэффициент" графасында:
1 жана 28-пункттардагы "1,55" цифралары "1,70" цифралары менен алмаштырылсын;
2, 3, 25, 36, 38 жана 41-пункттардагы "1,45" цифралары "1,50" цифралары менен алмаштырылсын;
6, 55 жана 95-пункттардагы "1,45" цифралары "1,60" цифралары менен алмаштырылсын;
16-пункттагы "1,45" цифралары "1,70" цифралары менен алмаштырылсын;
23, 24, 32, 39, 77 жана 82-пункттардагы "1,75" цифралары "1,80" цифралары менен алмаштырылсын;
37, 44, 56 жана 58-пункттардагы "1,15" цифралары "1,20" цифралары менен алмаштырылсын;
67 жана 76-пункттардагы "1,65" цифралары "1,70" цифралары менен алмаштырылсын;
- "Калктуу конуштун аталышы" графасында:
24-пункттагы "Икизяк" деген сөз алып салынсын;
29-пункттагы "Кабылан-Көл Курулу" деген сөздөр "Кабыланкөл" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
41-пункттагы "Келжиге" деген сөз "Гежиге" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Чоң Алай району" бөлүмчөсүнүн "райондук коэффициент" графасында:
2 жана 10-пункттардагы "1,55" цифралары "1,60" цифралары менен алмаштырылсын;
11 жана 14-пункттардагы "1,55" цифралары "1,70" цифралары менен алмаштырылсын;
23 жана 24-пункттардагы "1,45" цифралары "1,60" цифралары менен алмаштырылсын;
- "Кара Кулжа району" бөлүмчөсүнүн "райондук коэффициент" графасында:
24, 41, 43 жана 46-пункттардагы "1,15" цифралары "1,20" цифралары менен алмаштырылсын;
25 жана 36-пункттардагы "1,45" цифралары "1,50" цифралары менен алмаштырылсын;
- 31-пунктунун "Калктуу конуштун аталышы" графасындагы "Партсъезд" деген сөз "Кан-Коргон" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Араван району" бөлүмчөсүнүн "райондук коэффициент" графасында:
1-пункттагы "1,25" цифралары "1,50" цифралары менен алмаштырылсын;
2-пункттагы "1,35" цифралары "1,60" цифралары менен алмаштырылсын;
3-пункттагы "1,15" цифралары "1,30" цифралары менен алмаштырылсын;
бөлүмчө төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4 Кичик-Алай 1,40";
- "Кара-Суу району" бөлүмчөсүнүн "райондук коэффициент" графасында:
1-пункттагы "1,25" цифралары "1,30" цифралары менен алмаштырылсын;
2 жана 4-пункттардагы "1,25" цифралары "1,40" цифралары менен алмаштырылсын;
3 жана 5-пункттардагы "1,15" цифралары "1,30" цифралары менен алмаштырылсын;
6-пункттагы "1,15" цифралары "1,40" цифралары менен алмаштырылсын;
7, 9, 10, 12, 13, 14 жана 16-пункттардагы "1,05" цифралары "1,20" цифралары менен алмаштырылсын;
8, 11 жана 15-пункттардагы "1,05" цифралары "1,10" цифралары менен алмаштырылсын;
- 12-пункттун "Калктуу конуштун аталышы" графасындагы "Мык-Дөбө" деген сөз "Алпордо" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Ноокат району" бөлүмчөсүндө:
токтомдун расмий тилдеги вариантындагы "Наукатский" деген сөз "Ноокатский" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "райондук коэффициент" графасында:
- 1 жана 12-пункттардагы "1,15" цифралары "1,40" цифралары менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "1,45" цифралары "1,60" цифралары менен алмаштырылсын;
- 3, 5, 8, 10, 11 жана 13-пункттардагы "1,25" цифралары "1,40" цифралары менен алмаштырылсын;
- 6-пункттагы "1,35" цифралары "1,40" цифралары менен алмаштырылсын;
- 9-пункттагы "1,35" цифралары "1,50" цифралары менен алмаштырылсын;
- 14, 17 жана 18-пункттардагы "1,05" цифралары "1,10" цифралары менен алмаштырылсын;
- 15-пункттагы "1,05" цифралары "1,30" цифралары менен алмаштырылсын;
- "Өзгөн району" бөлүмчөсүнүн "райондук коэффициент" графасында:
1 жана 2-пункттардагы "1,05" цифралары "1,20" цифралары менен алмаштырылсын;
3 жана 4-пункттардагы "1,05" цифралары "1,10" цифралары менен алмаштырылсын;
"Жалал-Абад облусу" бөлүмүндө:
- "Ала-Бука району" бөлүмчөсүнүн 8-пунктунун "райондук коэффициент" графасындагы "1,05" цифралары "1,10" цифралары менен алмаштырылсын;
- "Сузак району" бөлүмчөсүнүн 2-пунктунун "райондук коэффициент" графасындагы "1,05" цифралары "1,10" цифралары менен алмаштырылсын;
- "Тогуз Торо району" бөлүмчөсүнүн 9-пунктунун "райондук коэффициент" графасындагы "1,45" цифралары "1,50" цифралары менен алмаштырылсын;
- "Токтогул району" бөлүмчөсү төмөнкүдөй мазмундагы пункт менен толукталсын:
"52 Сары-Камыш (Сары-Камыш а/о) 1,10";
- "Чаткал району" бөлүмчөсүнүн 10-пунктунун "райондук коэффициент" графасындагы "1,65" цифралары "1,70" цифралары менен алмаштырылсын;
"Баткен облусу" бөлүмүндө:
- "Баткен району" бөлүмчөсүндө:
"райондук коэффициент" графасында:
- 11-пункттагы "1,10" цифралары "1,20" цифралары менен алмаштырылсын;
- 17-пункттагы "1,65" цифралары "1,80" цифралары менен алмаштырылсын;
- 26-пункттагы "1,25" цифралары "1,30" цифралары менен алмаштырылсын;
- 45 жана 52-пункттардагы "1,10" цифралары "1,20" цифралары менен алмаштырылсын;
- 47-пункттагы "1,35" цифралары "1,50" цифралары менен алмаштырылсын;
"Калктуу конуштун аталышы" графасында:
- 1-пункттагы "Авгол Аугул" деген сөздөр "Тунук-Суу" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 37-пункттагы "Москва" деген сөз алып салынсын;
- 38-пункттагы "Палал" деген сөз "Табылгы" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 39-пункттагы "Палал-Ооз" деген сөз "Жаңырык" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 42-пункттагы "Раут" деген сөз "Кайыңды" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 48-пункттагы "Ташты-Калан" деген сөз "Коргон-Таш" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Кадамжай району" бөлүмчөсүнүн "райондук коэффициент" графасында:
3, 4, 6 жана 9-пункттардагы "1,05" цифралары "1,20" цифралары менен алмаштырылсын;
5-пункттагы "1,05" цифралары "1,10" цифралары менен алмаштырылсын;
7-пункттагы "1,15" цифралары "1,30" цифралары менен алмаштырылсын;
"Ысык-Көл облусу" бөлүмүндө:
"Ак-Суу району" бөлүмчөсүндө:
"райондук коэффициент" графасында:
- 1-пункттагы "1,25" цифралары "1,50" цифралары менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "1,35" цифралары "1,40" цифралары менен алмаштырылсын;
- 3-пункттагы "1,35" цифралары "1,60" цифралары менен алмаштырылсын;
- 6 жана 13-пункттардагы "1,15" цифралары "1,30" цифралары менен алмаштырылсын;
- 7-пункттагы "1,65" цифралары "1,70" цифралары менен алмаштырылсын;
- 9-пункттагы "1,75" цифралары "1,80" цифралары менен алмаштырылсын;
- 14-пункттагы "1,45" цифралары "1,50" цифралары менен алмаштырылсын;
- 15-23-пункттардагы "1,05" цифралары "1,10" цифралары менен алмаштырылсын;
- 24-пункттагы "1,50" цифралары "1,60" цифралары менен алмаштырылсын;
3-пункттун "Калктуу конуштун аталышы" графасындагы "Жыргалаң" деген сөз "Жыргалаң шаарчасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Жети-Өгүз району" бөлүмчөсүндө:
"райондук коэффициент" графасында:
- 1-пункттагы "1,55" цифралары "1,60" цифралары менен алмаштырылсын;
- 3-пункттагы "1,15" цифралары "1,20" цифралары менен алмаштырылсын;
- 6 жана 16-пункттардагы "1,75" цифралары "1,80" цифралары менен алмаштырылсын;
- 7-пункттагы "1,15" цифралары "1,30" цифралары менен алмаштырылсын;
- 8-пункттагы "1,25" цифралары "1,40" цифралары менен алмаштырылсын;
- 10-пункттагы "1,65" цифралары "1,80" цифралары менен алмаштырылсын;
- 12 жана 13-пункттардагы "1,15" цифралары "1,30" цифралары менен алмаштырылсын;
- 18 жана 20-пункттардагы "1,05" цифралары "1,20" цифралары менен алмаштырылсын;
- 19-пункттагы "1,05" цифралары "1,10" цифралары менен алмаштырылсын;
- 10-пункттун "Калктуу конуштун аталышы" графасындагы "Пикептык" деген сөз "Пикертык" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Тоң району" бөлүмчөсүндө:
- "№" графасындагы 17-19-пункттар тиешелүү түрдө 18-20-пункттар деп эсептелсин;
- "райондук коэффициент" графасында:
1-пункттагы "1,55" цифралары "1,60" цифралары менен алмаштырылсын;
2, 4, 6, 8, 12, 14, 15 жана 16-пункттардагы "1,15" цифралары "1,30" цифралары менен алмаштырылсын;
3, 7, 9 жана 13-пункттардагы "1,15" цифралары "1,20" цифралары менен алмаштырылсын;
5-пункттагы "1,25" цифралары "1,50" цифралары менен алмаштырылсын;
17-пункттагы "1,05" цифралары "1,10" цифралары менен алмаштырылсын;
- "Түп району" бөлүмчөсүнүн "райондук коэффициент" графасында:
1 жана 2-пункттардагы "1,15" цифралары "1,30" цифралары менен алмаштырылсын;
3 жана 4-пункттардагы "1,05" цифралары "1,10" цифралары менен алмаштырылсын;
"Талас облусу" бөлүмчөсүндө:
- "Талас району" бөлүмчөсүнүн "райондук коэффициент" графасында:
1 жана 2-пункттардагы "1,10" цифралары "1,20" цифралары менен алмаштырылсын;
3-пункттагы "1,25" цифралары "1,30" цифралары менен алмаштырылсын;
4-пункттагы "1,45" цифралары "1,50" цифралары менен алмаштырылсын;
5-пункттагы "1,05" цифралары "1,10" цифралары менен алмаштырылсын;
"Чүй облусу" бөлүмчөсүндө:
- "Панфилов району" бөлүмчөсүнүн 1-пунктунун "райондук коэффициент" графасындагы "1,50" цифралары "1,60" цифралары менен алмаштырылсын;
- "Аламүдүн району" бөлүмчөсүнүн "райондук коэффициент" графасында:
1-пункттагы "1,15" цифралары "1,30" цифралары менен алмаштырылсын;
2-пункттагы "1,05" цифралары "1,20" цифралары менен алмаштырылсын;
- "Кемин району" бөлүмчөсүнүн "райондук коэффициент" графасында:
1-пункттагы "1,15" цифралары "1,30" цифралары менен алмаштырылсын;
2-пункттагы "1,25" цифралары "1,40" цифралары менен алмаштырылсын;
3-пункттагы "1,05" цифралары "1,10" цифралары менен алмаштырылсын;
- "Ысык-Ата району" бөлүмчөсүнүн 1-пунктунун "райондук коэффициент" графасындагы "1,05" цифралары "1,20" цифралары менен алмаштырылсын;
- аталган токтомдун №2 тиркемесинде:
аталышындагы "эмгек акыга" деген сөздөр "кызматтык маяналарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бийик толуу жана алыскы зоналарында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ай сайын төлөнүүчү үстөктөрдү төлөп берүү үчүн эмгек стажын белгилөөнүн жана эсептөөнүн тартибинде:
преамбуладагы жана 2-пункттагы "эмгек акыга" деген сөздөр "кызматтык маянага" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген калктын эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөрүнө кошумча төлөмдөрдү төлөп берүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын республикалык бюджеттен өз убагында бөлүп берүүнү андан ары "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизүү менен камсыз кылсын.
3. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |