Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-июлу № 426
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августундагы № 541 "Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 20 токтому менен бекитилген 2008-2011-жылдарга Кыргыз Республикасында жашы жетелектердин эмгегинин эң оор түрлөрүн жоюу боюнча социалдык өнөктөрдүн аракеттеринин мамлекеттик программасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августуңдагы № 541 "Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобонун 4.3-пунктундагы "кварталында" деген сөз "жарым жылдыкта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин маселелери боюнча координациялык кеңештин курамы:
төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары";
төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары";
жыйырма экинчи-жыйырма төртүнчү абзацтардагы "Кыргызстандын иш берүүчүлөр конфедерациясы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын иш берүүчүлөрүнүн улуттук конфедерациясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |